Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу 25.07.2018 09:17 Жаңыланды: 25.07.2018 10:05 На русском

Өкмөттүн Оштогу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев дайындалды (видео, сүрөт)

Turmush -  Жылкыбаев Узарбек Казиевич Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал тууралуу буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

У.Жылкыбаев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Аны бул кызматка Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда 2017-жылдын 17-мартында дайындаган болчу.

Ал эми Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашовду Ош шаардык кеңеши 18-июлда шаардын мэри кылып шайлаган.

Бүгүн, 25-июлда У.Жылкыбаев жамаатка тааныштырылып, ага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты, деп билдирди кабарчы.

«Президентибиз эл менен жолугушуусунда мамлекеттик кызматкерлерди ротация кылууну убада берген эле. Ошол иштердин алгачкылары болуп ротация ишин баштап жатасыз. Ош облусу саясий стратегиялык жактан чоң мааниге ээ облустардын бири. Бул жерде президентибиз да 6 жыл иштеп кеткен. Сиздин бул жумушка тажрыйбаңыз жетет», - деди Замирбек Аскаров.

Узарбек Жылкыбаев бул кызмат жоопкерчиликтүү экенин, өкмөттүн буйругу менен келгенин айтты.

«Мага жүктөлгөн ишеничти актаганга аракет кылам. Ишибиздин жыйынтыгы боюнча жылдын аягында айтабыз», - деди ал.

Узарбек Жылкыбаев 44 жашта. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×