Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2018 10:09 Жаңыланды: 29.08.2018 10:39

Ак-Буура дарыясына чакан ГЭС курулушу мүмкүн

Turmush -  Ош шаарынын аймагынан агып өтүүчү Ак-Буура дарыясына жеке ишкер тарабынан 2 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС курулушу мүмкүн. Мындай маалымат 28-август күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибинде каралган маселенин алкагында айтылды, деп билдирди кабарчы.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормоновдун айтымында, жеке ишкерге чакан ГЭС куруу боюнча өкмөттүн уруксат берген токтому чыгып, шаардык кеңеш колдоп берсе курулуш иштери башталышы мүмкүн.

«Бул маселе Ош шаардык кеңешинин күн тартибинде каралат. Эгер чакан ГЭС куруу боюнча өкмөттүн токтому чыкса, аны депутаттар колдоп берсе Ак-Буура дарыясына чакан ГЭС курулуп калышы мүмкүн», - деди Ж.Ормонов.

Ал кошумчалагандай, курулушту Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи району жактагы Озгур айылына куруу пландаштырылган. Буга чейин Ак-Буура дарыясына чакан ГЭС курулган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×