Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.11.2018 17:16

Интернеттин жаштарга тийгизген таасири — ОГПИдеги талкуу (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 13-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Интернет маалымат булактарынын жаштарга тийгизген таасири» деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Иш-чара гуманитардык факультеттин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин деканы А.Т.Абжалов, тиешелүү тармактардан коноктор, окутуучулар жана студенттер катышты.

Тегерек столдун башында журналист А.Беделбай кызы, аталган кафедранын улук окуутуучулары Б.Эргешова жана Г.Айтиевалар тарабынан теманын негизинде баяндама жасалып, катышуучуларга интернет тармагы жөнүндө, анын зыяндуу жана терс жактары, ошондой эле сайттардан маалымат алуунун жөнөкөй эрежелери тууралуу маалымат берип өтүштү. Мындан тышкары учурда Кыргызстанда эл көп колдонгон сайттар боюнча да айтышып, ошону менен бирге студенттер үчүн пайдалуу маалыматтар чагылдырылган сайттарды сунуштоо менен электрондук досканын жардамында көрсөтүп беришти.

Тегерек столдун жүрүшү кызуу талкуу менен коштолуп, катышкан жаштарга интернет булактарын туура пайдалануу, социалдык тармактардын билим алууга тийгизген терс таасирлери ж.б. маселелер баюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×