Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 15.11.2018 15:12

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасын Талант Арстанкулов жетектейт

Turmush -  Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы болуп Талант Арстанкулов дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Элмира Боронбаева кабарчыга билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 15-ноябрь күнү министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов келип, жаңы жетекчини жамаатка тааныштырган. Талант Арстанкулов тууралуу буйрукка 13-ноябрь күнү кол коюлганы маалым болду.

Талант Арстанкулов

Жаңы жетекчи буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген. Ал эми буга чейин Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы болуп келген Шайырбек Сулайманов кызматтан бошотуу тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×