Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.12.2018 16:14

Оштогу «Курманжан датка» кыздар лицейинде мыкты окуучулар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 5-6-7-8-класстардагы окуучулардын арасында предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Ага улай жеңүүчү болгон «Курманжан датка» лицейинин окуучулары сыйланды, деп билдиришти аталган лицейден.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган предметтик олимпиаданын жыйынтыгы менен алдыңкы 1-2-3-орундарды ээлеген окуучу кыздарды лицейдин директору Хасан Күчүк сыйлады.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын негизинде «Ата-эне илимдүү болмоюн, бала билимдүү болбойт» аталышындагы китеп окуу боюнча окуучулар арасында сынак өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Ч.Айтматовдун чыгармаларын мыкты билген окуучулар жеңүүчү деп табылган болчу. Анда 1-орунга Айнура Абдилазизова, 2-орунга Нуриса Саттыбаева жана 3-орунга Чынара Алиева ээ болу, лицейдин директору Хасан Күчүк баалуу белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×