Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.12.2018 14:58

Сарай айыл өкмөтүндөгү жаңы мектеп 4 жылдан кийин курулуп бүттү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өргө жаңы конушундагы 3 кабаттуу мектептин курулушу аягына чыкты. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Кушбак Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, мектеп 2019-жылдын башында пайдаланууга берилиши мүмкүн.

«Мектептин аянты 2 гектар 40 сотыхты түзөт. Имарат 3 кабаттан туруп, 720 окуучуга ылайыкталган. Бул мектепке Рахманалиев атындагы орто мектептин окуучулары көчүрүлөт. Имаратта бардык шарттар каралып, спорттук зал жана жыйын залы менен кошо курулган», - деди Абдрахманов.

Мектептин курулушу 2014-жылы башталып, бир нече баскыч менен курулган. Ал эми курулушка жергиликтүү бюджеттен 148 млн сом жумшалган.

Сарай айыл өкмөтүндө жайгашкан Ак-Өргө айылы жаңы конуш болуп саналат. Анда 3 миң 800 адам жашат. Сарай айыл өкмөтүнүн курамындагы 7 айылда жалпы 22 миң 270 адам бар. Айыл өкмөттүн жылдык бюджети 137 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×