Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 20.01.2019 10:34 На русском

Айыл турмушу: Ноокаттык саяпкер 30 миң долларлык аттарды таптап жатат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагына караштуу Бостон айылынын 53 жаштагы тургуну Абдулваси Машрапов 40 жылдан бери ат таптап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Саяпкер асыл тукум аттарды багып, жогорку баага сатат. Бир ай мурун Император аттуу күлүктү өзбекстандык мырзага 28 миң долларга саткан. Император Россиядан алынып келинген. Анын бою 1 метр 70 см болсо, салмагы 800 килограммга жетет.

«Императордун жашы 3 асый. Жаш кезимден бери эле жылкы багып келем. Буга чейин 20га жакын чоң атты кымбат баага саткам. Учурда аттарды багууга 4 уулум көмөктөшөт. Балдарым да жылкыга жакын чоңойду, уулдарымдын баары атты жакшы көрүшөт. Учурда 5 атты сатыкка чыгаруу үчүн багып жатам. Мындан тышкары кулун жана тайларым да бар. Багылып жаткан аттар 30 миң долларга чейин бааланат. Сатууга коюлган атка бир маал 7 килограммга чейин жем, 2 маал чөп берилет. Аттарды таптоо үчүн тынымсыз бастырып, чоң аламан улак тартышка 40 күн даярдайбыз. Убагында жем-суусун берип турабыз. Мен баккан аттар көк бөрүдө байгелүү орундарды алып келишет. Багуудагы 5 аттын баары аргындашкан аттар», - деди Абдулваси Машрапов

Ал 4 уул жана 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×