Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 18.01.2019 09:25 Жаңыланды: 18.01.2019 14:39 На русском

Айыл турмушу: Кара-кулжалык фермер 250 миң сом күрөө коюп, асыл тукум бука алып келди (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылынын тургуну Дастан Ботоев 10 жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенет. Майда малдан ишкерликти баштаган фермер учурда эт багытындагы асыл тукум бодо малдарды багууда. Ошондой эле алардан төл алууну максат кылат.

Малдын артынан сая түшүп, мал менен тиричилик кылган Дастан фермерликтин кыйынчылыгы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Биз 2008-жылы мал чарбачылыгын баштаганбыз. Алгач кой багып көрдүк, акырындык менен бодо малдарга өткөнбүз. Кара малдарды багууда дагы көптөгөн тажрыйба топтоп көрдүк. Төл багытында, эт багытында, сүт багытында бактык. Жыл сайын жасалма уруктандыруу аркылуу жакшы төл алууга аракет кылып келебиз. Жасалма уруктандыруу жолу менен герефорд тукумундагы торпок алганбыз. Чындыгында асыл тукум мал алууга 1 жыл аракет кылуу жетишсиз болот. Анткени 1 жылда кан толугу менен тазаланып бүтпөйт.

Быйыл 250 миң сом күрөө берип, атайын Чүйдөн 1 айга америкалык абердин-ангус тукумундагы бука алып келдим. Учурда 30 уйдан төл алууну күтүп жатабыз. Бирок кандай торпок ала турганыбыз азырынча белгисиз. Негизи асыл тукум малдар базарда жакшы бааланат», - деди ал.

Дастан Ботоев асыл тукум букаларды 6 ай багып, 120 миң сомго чейин сатып киреше табат. Учурда 3 адамды иш менен камсыз кылууга дагы жетишкен.

«Эт багытындагы бодо малдарды 6 айдан 10 айга чейин ордунан жылдырбай байлап багабыз. 6 ай байланган букалар жакшы эт берет. Күн сайын убагы менен жем-суусун берип турабыз. Биздин жумуш эртең мененки саат алтыда башталат. Эки саат бою жем менен суу беребиз, андан кийин чөп салабыз. Түшкө маал кайра чөп берилет. Ошондой эле кечкисин жем-суу, чөп салабыз. Адатта мал 6 ай жайлоодо болсо, 6 ай короодо багылат.

Учурда 3 адамды иш менен камсыз кылганбыз. Ал эми өткөн жылы 6 ай багылган 2 жаштагы буканы 120 миң сомго саткам. Кыргыз букалары 50 миң сом гана болот. Герефорд тукумундагы буканын тирүүсүндөгү салмагы 800 кг болсо, союлгандан кийин 550 кг эт берген. Негизи жакшы малдар айылдаштарыбыздан эле ашпайт», - деп кошумчалады.

Бодо малдарды багуу көп түйшүктүү талап кылат. Кышкы тоют үчүн 1000 түк (пресс) чөп жана жем сатып алат.

«Биздин 40 сотых сугат, 50 сотых үлүш жерибиз бар. Мындан улам малдар үчүн тоютту өзүбүз камдай албайбыз. 2 жылдан бери узак мөөнөткө ижарага жер алуу боюнча айыл өкмөткө кайрылып жатам. Учурда жер табыла элек. Мындан улам Кара-Суудан, өзүбүздүн райондогу чөп саткандардан тоют чөп сатып алам», - деди ал.

Дастан мырза бодо малдары үчүн толугу менен шарт түзгөн. Учурда короосунда 200гө жакын бодо мал бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×