Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.01.2019 10:15

Оштогу борборлоштурулган китепканага акын Кармышак Ташбаевдин ысымы берилет

Turmush -  Ош шаарындагы борборлоштурулган китепканага акын Кармышак Ташбаевдин ысымы берилет. Анын туугандары жана Оштогу жазуучулар акындын аты жазылган тактаны китепканага илип кетишкен.

Аталган китепкананын башчысы Салима Токтомаметова билдиргендей, Кармышак Ташбаевдин ысымы китепканага расмий түрдө бериле элек. Учурда уруксат кагазын күтүп жатышат.

К.Ташбаев акын, котормочу, прозаик, публицист болгон. Ал «Кыргыз тоолору», «Мен көргөн жаздар», «Багыт», «Мезгил күүсү», «Мезгил — тулпар», «Канаттуу тоолор» ырлар жыйнагынын, кичинекей балдарга арналган «Too жана төө» китебинин автору. Анын «Сагынуу» аттуу ырына Рыспай Абдыкадыров обон жазган. Акын көптөгөн обондуу ырлардын автору болууга да жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×