Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.01.2019 16:29

Ошто жыл башынан бери 250 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты

Turmush -  Ош облусунда өткөн жылы 3 миң 400 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Учурда 1 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусу көп кездешип жаткандыктан бүгүн, 18-январда Ош шаарында жыйын өттү.

Жыйынга түштүк облустагы саламаттыкты сактоо борборунун кызматкерлери, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун казыяттары, дин өкүлдөрү катышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координаторунун биринчи орун басары Адыл Алимкуловдун айтымында, учурда ата-энелердин көпчүлүгү жаш наристелердин майып болуп, көрүүсү же угуусу начарлайт деген түшүнүктөн улам эмдөөдөн баш тартып жатат.

«Акыркы убакта кызамык оорусу күч алууда. Бул оору тарап кетпөөсү үчүн биздин кызматкерлер жаш үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ош облусунда 2018-жылдын эсебинен 3 миң 400 ата-эне баласын эмдөөдөн баш тартты. Каршы чыккандардын көпчүлүгү диний көз караштагылар болууда. Ошондой эле ички миграция да себеп болууда. Анткени алар бир жерде туруктуу жашабагандыктан балдары эмдөөдөн өтпөй калат. Түшүндүрүү иштеринен кийин ата-энелер балдарын эмдетип жатышат», - деди Аликулов.

Жыл башынан бери Ош облусунда 250 ата-эне баласын эмдөөдөн баш тарткан. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмделбеген бала көп ооруга чалдыгарын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×