Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.01.2019 20:25 На русском

«Дагы төрөсөң өлөсүң дешкен»: Согушка кеткен агайынын ордуна мугалим болгон Патигүл апа 10 баланы өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айылынын 97 жаштагы тургуну Патигүл Приева 18 жашынан тарта мугалим болуп, окуучуларга кыргыз адабиятынан сабак берген. Ал жолдошу согушка кеткенде балдарын кыйынчылык менен чоңойтконун аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мектеп босогосун 10 жашында аттаганын айткан Патигүл апа: «15 жашымда турмушка чыгып, 16 жашымда төрөгөм. Мектепте окуп жүргөндө согуш башталып, агайларды согушка алып кетип калышты. Класстагы окуучулардын ичинен тыңыраагы мен болгондуктан аларга адабияттан сабак берчүмүн. Төрт балалуу болгондон кийин күйөөм согушка кетти. "Чоң балдарды алып кетет экен" дешсе чочулап, балдарыбызды бекиткенибиз эсимде. Ал учурда бири-бирибизге жардам берчү абалда эмес болчубуз. Ачка калганда буудай сурасак, "фронтто аскерлер ачка калса жеңилебиз" деп, бир да дан беришчү эмес. Машак терип, атала ичкен күнү кубанчубуз. Адам ачкачылыкта деле жашайт экен. Балдарыма, өзүмө таардан кийим тикчүмүн. Кийимдерибизди түндө жууп, эртең менен кайра кийип алчубуз», - деди.

Патигүл апанын айтымында, жолдошу элди баккан мергенчи болгон.

«Согуштан кийин ачкачылык күч алган мезгилде күйөөм мергенчилик менен элди баккан. Кайын журтума сөзүм өтүмдүү эле. Бала төрөгөндөн кийин өзүмдү тыңытып, белимди катырып, 40 күн жатчумун. Бир уулумду төрөгөндөн кийин "дагы төрөсөң өлөсүң" дешкен. Дагы боюмда болуп калганда айылдаштарым "эми Патигүл өлөт" деп калышкан. Дарыгерлерден да тил уккан элем.

Бир жолу айылчылап кетип кеч келсем, жолдошум "каякта жүрөсүң?" деп бетиме чаап жиберди. Ачуум келип, күйөөмдү сабап салгам. Ошондон кийин кол көтөргүс болгон», - дейт Патигүл Приева.

Анын небере келининин айтымында, кайын энеси көркөм адабиятты кууп окуп, «Манас», «Эр Төштүк» эпосторун ыр түрүндө айта алат.

Патигүл апанын балдарына, неберелерине берген кеңеши: «Билим алууну биринчи орунга койгула. Малдуунун жүзү жарык, малсыздын жүзү чарык, мал кармагыла. Эсиңер болсо эртерээк жер алгыла. Куранда зоонун боору да талаш болот деп айтылган, досторуңар менен көп жакын боло бербегиле, дос карыса доо болот, достун түбү жоо болот. Алган айлыгыңардын тыйынын бейчеки коротпогула, үй салгыла, көп кабаттуу үйгө кызыкпагыла».

Келиндерине: «Акчага кызыкпай катары менен төрөгүлө. Ак менен аталаны көп ичкиле, ашказанга пайдалуу».

Патигүл апанын 5 уул, 5 кыз, 52 небере, 136 чөбөрө жана 7 кыбырасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×