Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Кара-Суу 21.01.2019 13:49 На русском

Канга боёлгон октагон, атаандашын алгачкы мүнөттө жеңип, кур тагынган мушкер: Кара-Суудагы эр таймаш (сүрөт, видео)

Turmush -  Кечээ, 20-январь күнү Кара-Суу районунда эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан жана Россиядан чогулган 100дөй спортчу катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеш Бүткүл дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын «Selection 20» турниринин алкагында уюштурулган. Жалпы 25 беттеш өтсө, анын 10 беттеши спорт сүйүүчүлөр арасындагы мелдеш болуп саналат. Ал эми калган 15 беттеш жогорудагы уюмдун атайын каттоосундагы беттештер болуп эсептелет.

Уюштуруучулардын айтымында, мушкерлердин беттешине 500дөн ашык күйөрман күбө болду.

«Байгеге жалпы эки кур коюлган. Курдун бирөө Кара-Суу шаарынын атынан коюлса, экинчиси Бүткүл дүйнөлүк эр таймаш федерациясынын титулдук куру. Титулдук кур үчүн кыргызстандык мушкер менен россиялык мушкер күч сынашты. Курга ээ болгон мушкер убактылуу гана титулдуу болот. Кийинчерээк да беттештер уланат», - деди уюмдун Кара-Суудагы өкүлү Рашит Аманкулов.

Мелдештин жыйынтыгында титулдук курдун биринин ээси аныкталган жок. Анткени Кара-Суунун атынан коюлган кур үчүн кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу менен өзбекстандык Ахлидин Мирзадавлатов күч сынашып, 5 раунддук беттештин жыйынтыгында бирдей упай топтошту. Ал эми федерациянын куруна кыргызстандык Эрзат Заирбек уулу ээ болду. Ал россиялык мушкер менен октагонго чыгып, 1-раунддун алгачкы мүнөтүндө эле техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×