Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАраван району 23.01.2019 11:43

Араванда бир жылда кургак учуктан 4 адам көз жумду

Turmush -  Араван районунда кургак учук менен жабыркагандардын саны азайганы менен каза болгондордун саны көбөйдү. Бул тууралуу кечээ, 22-январь күнү жыл жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйында маалым болду.

Жыйындын жүрүшүндө быйылкы жылы суугат суу тартыштыгы жоюлуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер аткарыла тургандыгы айтылды. Араван районунун акиминин орун басары Музафар Мамасаидовдун айтымында, өткөн жылы кургак учук оорусунан 4 адам каза болгон.

«Араван районунда 2017-жылы 87 адам кургак учук менен ооруп, 2 адам каза болсо, 2018-жылы 79 адам жабыркап, 4 адам көз жумду. Бүгүнкү күндө кургак учук менен ооруган ар бир адамга жардам берилип жатат», - деди.

Муну менен менен катар эле Араван районунда билим берүү сапаты жыл сайын эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болору айтылды.

«Биз өткөн жылдан тартып билим берүүнүн сапатына көп көңүл бура баштадык. Жалпы тестирлөөдөн 2017-жылы 41 пайыздык көрсөткүчкө ээ болсок, 2018-жылы 49,5 пайыздык көрсөткүчкө ээ болдук. Биз атайын ЖРТга даярдоо ийримдерин ачып, балдардын билимин жогорулатууга аракет кылып жатабыз», - деди М.Мамасаидов.

Араван районунда сугат суу, таза суу маселелери эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Элдин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен күн көрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×