Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.01.2019 15:31

Кара-суулук дыйкандар айыл чарба адистеринен өсүмдүк өстүрүүнүн сырларын үйрөнүшүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө дыйкандар өсүмдүктөрдү түрдүү шарттарда кантип өстүрсө болорун үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Мамедов билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери жана райондогу кызматкерлер жергиликтүү дыйкандарга өсүмдүк өстүрүү боюнча семинар өткөрдү. Анда адистер айыл өкмөттүн шартында кандай өсүмдүктөрдү өстүрсө болорун жана аларга кандай кам көрүү керектигин айтып беришти.

Кара-Суу районунда пахта, жүгөрү көп өстүрүлөт. Адистер дыйкандарга өсүмдүктөрдү зыянкечтерден тазалап, пайда көрсө болорун түшүндүрүштү. Ошондой эле семинарга өсүмдүк коргоо башкармалыгынан, тиешелүү ишканын, айыл чарбасында колдонулган техникаларды алып келүүчү жеке жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×