Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 25.01.2019 16:55

Ош облусунун аймагында бир жылда 21 ФАП курулду

Turmush -  Ош шаарында Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга карата аткарылчу иштер боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйында облустун аймагындагы ооруканалардагы жетишкендиктер жана кемчиликтер айтылды. Ошондой эле кеңешмеде дарыгерлер 2019-жылы кандай иштерге басым жасоо, кайсы тармакты өнүктүрүү керектигин талкуулашты.

Өткөн жылы Ош облусунун аймагында жалпы 21 ФАП, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулган. Ошондой эле 4 оорукананын филиалдарынын имараттары пайдаланууга берилип, ооруканалардын материалдык базалары чыңдалган. Облустун аймагындагы ооруканаларга техникалык жардамдар көрсөтүлүп, медициналык шаймандар менен камсыздалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координаторунун орун басары Адилбек Алимкуловдун айтымында, облустун аймагындагы ооруканаларда жалпы 189 санитардык унаалар бар.

«Былтыр аймактардагы ооруканалар тез жардам унаалары менен да камсыз болушту. Облус боюнча жалпы 189 санитардык унаа бар. Анын ичинен 146 санитардык унаанын абалы жакшы, калганы оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми 13 санитардык унаа бузулган. Бизде автоунаалар чоң көйгөй болуп саналат. 2018-жылы 8 авто унааны баланска кабыл алдык. Алай аймактык ооруканасы 1 унааны демөөрчүлөрдүн жардамы менен алган. Араван аймактык ооруканасына 1, Ноокат аймактык ооруканасына 2 унаа Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген», - деди Алимкулов.

Ал шаардык ооруканаларда иштеген дарыгерлердин айылда иштөөгө калоосу күчөгөнүн кошумчалап, муну үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы жогорулаганы менен байланыштырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×