Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.01.2019 14:59 На русском

Айыл турмушу: 21 жаштагы К.Жакыпов чөп кыркуучу аппарат жасап, айына 100 000 сомдон ашуун каражат табууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн 21 жаштагы тургуну Курстанбек Жакыпов чөп кыркуунун оңой жолун ойлоп тапты. Ал интернет аркылуу чөп кыркуучу аппараттын жасалышын үйрөнгөн. Учурда анын жасаган чөп кыркуучу жабдуусуна кызыккандар арбын.

«Мен мектепти аяктагандан бери темирди темирге улап, ширетүүчү болуп иштеп келем. Бир күнү интернеттен чөп кыркуучу жабдуулардын жасалышына кызыгып калдым. Мен көргөн видеодо орус улутундагы жаран Германия мамлекетинде ушундай чөп кыркуучу жабдуу жасап сатып иштейт экен. Анын видео көрсөтмөсү менен мен дагы чөп кыркуучу жабдуу жасаганга кириштим. Албетте, башында жакшы окшошкон жок. Бирок тынымсыз аракеттин артынан жакшы, сапаттуу жасай баштадым. Мен жасаган чөп кыркуучу жабдуу Кыргызстанда жок. Бул жабдууну жасап баштаганыма 2 айдын жүзү болду. Бир даанасын 15 миң сомдон сатып жатам. Чөптүн бардык түрүн 3-5 сантиметрге чейин майда кылып кырка алат. 2 мүнөттө 1 түк чөптү кыркып бүтөт», - деди ал.

Курстанбек эки ай ичинде 30 даана аппарат жасап, баарын сата алган.

«2 айда 200 миң сомдон ашык каражат таап жатам. Акыркы күндөрү менин жасаган жабдуума кызыккандар, сатып алуучулар жана буюртма бергендер көбөйүүдө. Баарына шүгүр, чет элде иштегенден көрө өз жеримде иштеп жатканыма ыраазымын», - дейт ал.

Уста үй-бүлөдө жалгыз уул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×