Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 29.01.2019 13:28 На русском

Ноокаттык скульптор Акылбек Осмонов: Айлыкка иштеп жүрүп кыялдарымды орундата албай калдым (сүрөт, видео)

Turmush -  Акылбек Осмонов 33 жылдан бери Ноокат районундагы көркөм сүрөт мектеп-интернатында мугалим болуп эмгектенет. Ал окуучуларга скульптура боюнча сабак берет. Айкелчи өнөрү, жашоосу, эмгектери тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Акылбек Осмонов Караколдогу педагогикалык институттун көркөм сүрөт факультетин аяктаган. Алгач орто мектептерде сүрөт мугалими болуп иштеген. Ал мектептерде скульптура боюнча такыр түшүнүк жок экенин айтат.

«Окууну бүтүп келип, сүрөт тармагына кызыгуум күчөп турган учур болчу. Бирок сүрөт мектеби жок болгондуктан орто мектепте иштеп калдым. Ал убакта пластилин кээ бир дүкөндөрдө гана сатылып, баасы да кымбат болчу. Алыкул Осмоновдун айкелин жасоону пландап, пластилин топтоп жүргөм. Аны мектептин чарбалык бөлмөсүнө коюп койгом. Жайдын күнү болчу, мектепке келсем 100 килограммдай пластилиним эшикте ээрип жатат. Көрсө тазалоо иштерин жүргүзүп, сыртка алып чыгып салышкан экен. Окуучулар ары-бери өтүп жулуп кетиптир. Ошондо өнөрдү баалабаган мугалимдерге да, окуучуларга да абдан капа болгом», - дейт ал.

Сүрөтчүнүн айтымында, айлыкка гана иштеп, көп кыялдары орундалбай калган.

«Шакирттеримди өзүм жетпеген бийиктиктен көрсөм, аз болсо да салымым бар экендигин сезип, сүйүнүп калам. Бирок мен айлык, көр тиричилик деп жүрүп алар жеткен бийиктикке жете албай калганыма кээде өкүнүп кетем. Айыл жергесинде бул тармакта өсүү мүмкүн эмес. Бала багуу керек, талаа жумуштары бар, ошентип отуруп өзүңдүн пландарың ишке ашпай калат. Беш балам бар. Аларга дайыма мен жетпей калган кыялдарды орундаткыла деп айтам. Учурда искусство институнда окуп жаткан уулумдан үмүтүм чоң», - деди скульптор.

55 жаштагы Акылбек мырза райондогу көптөгөн айкелдерди жасаган. Эң көп убакыт Саякбай Каралаевдин айкелин жасоого кеткенин айтты. Аталган айкелди 2 айда жасап бүтүргөн. Анын чоң эмгектеринин арасында Манастын, Каныкейдин, Алыкул Осмоновдун, Бакайдын, Саякбайдын Каралаевдин айкелдери да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×