Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.01.2019 12:31 На русском

Айыл турмушу: Кара-Сууда 5 миң долларга алынган аргымак — Аккула сатыкка коюлду (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айылынын 34 жаштагы тургуну Каныбек Алимбеков 7 айдан бери жылкы багып жатат. Ал Россиянын Томск облусунан 5 миң долларлык ат алып келип, таптап жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Каныбек мырза ат таптоодон тышкары курулуш материалдарын сатуу менен алек. Мындан 7 ай мурун атайын улак тартыш үчүн Орлов тукумундагы атты алып келген.

«Өзүм бала кезимден бери малга жакын болуп чоңойдум. Россиядан кымбат бааланган 3 асыйлык ат алып келгем. Анын аты Аккула. Ал чоң аламан улак тартышка катышып, экөөндө тең байгелүү кайттык. Балдарым кичинекей болгонуна байланыштуу иштен бошой албай, атты караганга убакыт болбой жатат. Анткени кымбат баалуу атты артынан түшүп багуу зарыл. Ошондуктан атымды сатыкка коюуга туура келди. Кардарлар көп келүүдө, бирок баасы 6 миң доллардан көтөрүлбөй жатат. Аккула бат чуркайт, боюнун узундугу 1,72 сантиметрге жетет. Улак тартыштын бардык түрүнө жарайт. Учурда күнүнө 6-7 кг жем менен багып жатам. Негизи аргымак тапталышына жараша бааланат», - дейт ал.

Каныбек Алимбеков 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×