Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 01.02.2019 11:01 На русском

Видео, сүрөт: Оштогу ишкананын 100дөй кызматкерин лимон жана помидор менен камсыздаган күнөскана

Лимон дарагы
Лимон дарагы
// Turmush

Turmush -  Ош шаарында бүтүндөй ишкананын жумушчуларын лимон жана помидор менен камсыздоочу күнөскана иштетилет. Күнөскана Ош жылуулук электр борборуна тиешелүү. Чейрек кылымдан бери мөмө байлаган лимон дарактарын жана помидор көчөттөрүн жыл бою жалгыз дыйкан өстүрөт.

Багбан Немат Мырзаевдин айтымында, жылына 2-3 тонна помидор жана 1 тоннадан ашуун лимондун түшүмүн жыйнайт. Бирок жыйналган түшүм базарга сатылбайт. Түшүм базар наркынан арзан баада аталган ишкананын жумушчуларына берилет.

«Күнөсканада 5 жылдан бери эмгектенип жатам. Голландиянын аламина сортундагы помидорлорун өстүрөм. Бул помидордун чыдамкай жана туруктуу уругу болуп эсептелинет. Күнөскана иштеткендер көбүнчө аталган урукту айдашат. Помидордон жылына бир жолу түшүм алабыз. Жылдын июнь, июль айларында эгилип, кыштын январь айында бышып жетилет. Помидордун түшүмү ишкананын жумушчуларына арзан баада берилет. Ал эми түшүмдүүлүгү ар жылы ар кандай болот. Кээде 2-3 тоннага чейин түшүм алабыз. Помидорду 4 сотых жерде өстүрөм, анын сабагы 2 метрге чейин өсөт. Албетте, помидордун сабактарын күнүгө карап туруу керек. Каралбай калса жаш баладай ооруп калышы мүмкүн», - деди багбан.

Аталган ишканага тиешелүү болгон күнөсканада помидордон сырткары лимон дарактары да бар. Дарактардын түшүм берип жатканына чейрек кылым болгон.

«Бүгүнкү күндө 38 түп лимон жана 2 түп грейпфрут дарагы бар. Лимон октябрь айынан баштап бышат. Анын түшүмү да ишкананын жумушчуларына арзан баада сатылат. Лимон тропикалык аймактарда өскөндүктөн жылуулукту талап кылат. Күнөскананын ичи 20 градус ысык болот. Бул лимон дарактар 25 жылдан бери түшүм берип келе жатат. Дарактар карыбашы үчүн дайыма бутак-шактарын кыркып туруу керек», - деди Мырзаев.

Аталган ишканада 100дөн ашуун кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×