Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.02.2019 18:36 На русском

Ракка каршы күрөшүү күнү: Көкүрөгүмдү кесип салышканда өзүмө келе албай жүрдүм, - жалал-абаддык эне

Turmush -  Бүгүн, 4-февраль — Бүткүл дүйнөлүк рак илдетине каршы күрөшүү күнү. Акыркы учурда оор илдетке кабылгандардын саны өсүүдө. Оорунун себеби да, айыктыруу жолу да дарыгерлерди ойго салган маселе болуп келет.

Turmush басылмасынын кабарчысы бул күндү утурлай Оштогу онкология борборунун хирургия бөлүмүнө баш бакты. Ал жердеги аялдар рактын ар кандай түрүнөн жабыркайт. 5 жылдан бери көкүрөк рагы менен күрөшүп келе жаткан 59 жаштагы Кундуз айым (аты өзгөртүлдү) Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун тургуну. Учурда хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал көкүрөгүндөгү шишикти кыргызчылык жол менен эле айыктырып алам деп ойлогонун айтат.

«Алгач көкүрөгүмдө шишик пайда болгонуна маани бербей эле, без чочуп калган деп ойлоп жүрдүм. Бир күнү неберем ойноп жатып, башы тийгенде катуу ооруп кетти. Айылыбыздагы үй-бүлөлүк дарыгерге көрүнсөм, ал Ош шаарына баруу керектигин айтты. Дарыгер оор илдет экенин айтып, дарыланууну эскертти. Айлам кеткенде Бишкектен анализ тапшырып, жеке рентгендерге түшүп, жыйынтыктарын Оштогу дарыгерге алып келдим. Ал дарыгерге ыраазымын, бир да жолу ракка чалдыкканымды айткан жок. "Мен айткандарды убагында аткарып, дарылансаңыз айыгасыз" деп айтат. Көкүрөгүмдү кесип салышканда өзүмө келе албай, ыйлап жүрдүм. Денеңдин бир мүчөсүн алдырып салуу оңой эмес», - деп ыйлады Кундуз.

Химиялык терапия менен дарыланып, кымбат дары-дармектерди алууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга оорукана колдон келишинче жардам берип келет. Бейтаптар материалдык болбосо да, бири-бирине моралдык жактан колдоо көрсөтүп турушарын айтат.

«Башка бейтаптардан эч качан көңүлүмдү түшүрбөгөнүм менен айырмаланам. 21 күн сайын келип дарыланып, химиялык терапия алып турам. Бээнин сүтүн ичкени барам. Балдарым өзүмө кам көрүү керектигин эскертип турушат. 30 жылдай бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип, ооруган соң жумуштан чыгып кеттим. Кечээ бир кыз "эже, ооруну көтөрө албай жатам" деп жазыптыр. Ага жакшы кеңештеримди бердим. Арабыздан бирөө каза болгондо, "кезеги келиптир, баарыбыз өлөбүз" дейбиз. Мен тааныгандардан экөө каза болду», - деген Кундуз айым сөзүн уланта албай, ыйлап жиберди.

Ош облустук онкологиялык борборуна облустан сырткары башка аймактардан да бейтаптар келишет. 1990-жылдарга салыштырмалуу рак дартына кабылгандар көбөйүп бара жатканын онкологиялык борбордун хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Абакир Эсенбаев белгиледи.

«Көкүрөк рагына көбүнчө жашы өтүп калган аялдар кабылышат. Бирок акыркы кезде жаш кыздар да бул дартка чалдыгып жатат. Бейтаптарга эч качан рак оорусуна кабылганын билдирбей, убагында дарыланып, сакаюуга мүмкүн экенин айтабыз», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×