Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 05.02.2019 17:54 На русском

Ош облустук спорт башкармалыгын Арстанбек Жолдошев жетектейт (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы болуп Арстанбек Жолдошев дайындалды. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылганын аталган башкармалыктан билдиришти.

Арстанбек Жолдошев буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип келген. Ал 2017-жылга чейин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүн жетектеген.

Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын буга чейинки жетекчиси Токтосун Камчыбеков болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×