Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 06.02.2019 16:21

ОшМУну өнүктүрүү концепциясы: Дүйнөдөгү мыкты университеттердин катарына кирүү аракеттери

Turmush -  ОшМУнун окумуштуулар кеңешинде 4-февраль күнү «Ош мамлекеттик университетин 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясы» талкууланып, кабыл алынды. Концепция «ОшМУ классикалык университеттен изилдөөчү инновациялык университетке карай» деген багыт менен «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына» негизделип жазылды, деп маалымдайт окуу жайдын басма сөз кызматы.

Концепция 7 стратегиялык багыттан турат. Биринчи багыт «Окуу процессиндеги, билим берүүдөгү инновациялар» деп аталат. Андан кийин «Классикалык университеттен изилдөөчү университетке трансформациялоо», «Натыйжалуу башкаруу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү», «ОшМУну эл аралык билим берүүнүн жана илимдин борборуна айландыруу», «Билим берүү жана илим инфраструктурасын өнүктүрүү», «Санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү», «Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт» жана «Концепцияны турмушка ашыруудагы күтүлүүчү тоскоолдуктар жана аны азайтуунун жолдору» берилген.

Концепция өз максатында жеткиликтүү аткарылса ОшМУ үчүн төмөнкү жыйынтыктарды берет:

- ОшМУ 2014-жылы дүйнөлүк университеттердин ТОП-700 катарына кирет;

- Жакынкы жылдары Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 3 университеттин бири болот;

- Санариптик технологиялардын университетине айланат;

- Коопсуз университет түзүлөт;

- Экологиялык университет статусуна ээ болот;

- Социалдык жоопкерчиликтүү университетке айланат;

- Билимдин сапаты эл аралык стандарттарга дал келет;

- Билимдин сапатын баалоочу дүйнөлүк рейтингдерге катышып, өз позициясын жогорулатат;

- Университеттин бардык кафедраларынын өндүрүштө филиалдары ачылат;

- Эл аралык эмгек рыногунда ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн кадыры көтөрүлөт, кош диплом берүүнүн масштабы кеңеет;

- ОшМУга студенттердин, ата-энелердин, өнөктөштөрдүн ишеними артат, инвестициялардын көлөмү 3 эсеге көбөйөт;

- ОшМУнун бюджети 2 эсеге көбөйөт жана окутуучу, кызматкерлердин айлык акысы азыркыдан 2 эсеге жогорулайт.

«ОшМУ мейкиндиктерди багындырып бараткан куш сыяктуу», - деп айтылат окуу жайдын билдирүүсүндө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×