Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 22.02.2019 00:42 На русском

«Мээси чачырап кетиптир»: Куткаруучу Нурбек Жумабаев 4 жаштагы баланын өлүмүн унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн 33 жаштагы тургуну Нурбек Жумабаев 10 жылдан бери куткаруу кызматында эмгектенип келет. Ал иш учурундагы окуялар, кыйынчылыктар жана куткаруучунун милдеттери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Куткаруучулар кышында жол кырсыктары болгондо, эшик бекилип калганда чакырылса, жазында сел каптаганда, сууга чөккөндөрдү издөөгө чыгышат. Куткаруучулар физикалык да, психологиялык жактан да күчтүү болушу керек, дейт Жумабаев.

«Алгач жумушка кабыл алып жатканда психологиялык жана физикалык сыноолордон өткөрүшөт. Себеби адам өлүмүндө, бийиктиктен түшүүдө, сууга киргенде кырдаалдан чыгып кетүү керек. Алгач чакырууга чыгарышпай, кызматкерлер өз окуяларын айтып берип, психологиялык жактан даярдашат. Куткаруу кызматына чейин өзгөчө кырдаал кызматында иштеп, даярданганым менен алгачкы жумуш күнүмдө толкундоо, коркуу сезими болгон. Аял лифттен түшүп кеткени боюнча чакыруу келди. Биз барганча жашоочулар аялды лифттен алып чыгып, жерге жаткырып коюшуптур. Аялдын ичи жарылып, майы чыгып калыптыр. Бир аз кускум келди, бирок кайра өзүмө келдим», - деди куткаруучу.

Куткаруучулар жол кырсык болгон жерге барып, унаага кыпчылып калгандарды атайын шаймандар менен чыгарышат. Денеси чачылып кеткен адамдарды чогулткан учурлар да кездешет. Мындай окуяга күбө болгон куткаруучулар унааны катуу ылдамдыкта айдоого да батынбай калышат.

«Ош шаарынын четиндеги айылдардын бириндеги чоң жолдо жол кырсык болгон. Барсак каза болгондор көп экен. Алардын арасындагы 4 жаштагы баланын мээси чачырап кеткен экен. Мындай учурлар көп болот, жүрөгүмө жакын кабыл албайм. Бирок ошол бала дале көз алдыма келе берет.

Жайында сууга чөккөн балдарды издеп жатканда алардын ата-энеси уктабай, биз менен кошо жүрүшөт. Баланы куткарып, ата-энесине аман-эсен тапшырганда гана жеңилдеп калабыз. Сууга аккан балдардын баары эле тирүү табыла бербейт. Айрымдары дарактарга илешип, аман калышпаса көпчүлүгү каза болуп калат. Бир жолу пакистандык студенттердин бири сууга агып кетип, аны өздөрү табабыз деп 1 саат издешиптир. Убакыт өткөн соң бизди чакырышкан. 3 сааттан кийин табылганда достору коркуп кетип, жасалма дем алдыруу жасашкан. Медициналык университеттин студенттери адам сууга чөккөндө ашып кетсе 10 мүнөт гана чыдай алат экенин билиши керек эле. Бирок алар тирилтип алабыз деп абдан аракет кылышкан», - дейт Нурбек Жумабаев.

Куткаруучу эшиги бекилип калганда чакырып, «эшигимди талкаладың же кычкачым жоголду» деп айыптаган жашоочулар да кездешерин кошумчалады.

«Эшик ичинен бекилип, ичинде балдар калып калса терезеден кирип ачабыз. Бир ирет үй ээси кошунасынын балконун көрсөтүп коюптур. Үйгө кирип барсам кошунасы диванда күлүп жатат. Кечирим сурап чыгып кеткем. Кээде балкондон кире калсаң ыйлап жаткан балдар кайра чочуп кетишет же таң калышат. Бир жолу 5 жаштагы кыз дааратканага кирип эшигин бекитип, кайра ача албай калыптыр. Биз барсак "чоң эне куткаруучулар келдиби, эми чыгамбы?" деп отуруптур», - деди куткаруучу.

Нурбек Жумабаев 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×