Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.02.2019 10:50

Видео, сүрөт: Өзгөндөгү чарба 3 облусту сапаттуу үрөн менен камсыздайт

Turmush -  Өзгөн районундагы «Элита үрөн» чарбасы 1995-жылдан бери иштетилип келет. Чарба өлкөнүн түштүк аймагын, тактап айтканда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарын сапаттуу буудай, күрүч, жүгөрү үрөнү менен камсыз кылат.

Үрөн чарбанын жетекчиси Мойдунжан Момунжановдун айтымында, чарбаны түптөө үчүн кеминде 3 жыл кетет.

«Үрөн өндүрүүнүн да өзүнүн түйшүгү бар. Кампанын ичинде сакталган үрөндөрдү кышында чычкандардан сактап, жазында талаага сепкен соң малдардан кайтаруу керек. Үрөндөрдү дыйкандарга чарбанын эсебинен жеткирип беребиз. Уруктарды Бишкектен жана Сокулуктан буга чейин иштешип жүргөн чарбалардан алдырып келебиз. Үрөндү кээде ашыкча өндүрүп алган учурлар болот», - дейт чарбанын жетекчиси.

Чарба 161 гектар жерди ээлейт. Анда трактор, комбайн, буудай себүүчү жабдык, тактап айтканда жалпы 13 техника бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×