Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.02.2019 10:11 На русском

Видео, сүрөт: Кара-суулук фермерлер малды жасалма уруктандырууну өздөштүрүп, жакшы киреше табууда

Turmush -  Европа өлкөлөрүндө айыл чарба тармагындагы колдонулган ыкма Кыргызстанга да жайылып жатат. Буга мисал катары фермерлер малды жасалма уруктандыруу аркылуу киреше таап жатканын айтсак болот. Акыркы 5 жылдан бери Кара-Суу районунда да бул ыкма жайылды.

Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндө ветеринар болуп иштеп жаткан Жунус Исмаилов 2012-жылы алгачкы ирет коңшусунун малын жасалма уруктандырган. Анын айтымында, бул ыкма биринчи төлдө эле натыйжалуу болгон. Кошунасы Юлдашбай Эргешовдун аралаш тукумдагы уюу жасалма уруктандыруу аркылуу музоо тууган. Ал 2 жылдан кийин 137 миң сомго сатылган.

«Жасалма уруктандыруу менен табигый уруктануунун айырмасы абдан чоң. Экономикалык жактан карасак жасалма уруктандыруу аркылуу туулган музоолорду 1 жашында 70-80 миң сомго сатууга болот. Ал эми табигый уруктан туулган музоолор 1 жашында эң кымбат 20 миң сомго сатылат. Бул жагдайды эске алганда экөөнүн айырмасы абдан чоң болууда. Жасалма уруктандыруу аркылуу туулган ургаачы музоолор сүт берчү жашына жеткенде күнүнө 15 литрден сүт берет. Табигый уруктан туулган уй эң көп 5 литр сүт берет. Бул ыкма менен эт багытындагы да малды көбөйтсө болот. Эгер бул ыкманы жайылтууну жолго салып алсак, Кыргызстандын айыл чарбасында ири өзгөрүүлөр болот», - деди Исмаилов.

Бүгүнкү күндө Кара-Суу районунда жалпы урук сактоочу 10 пункт иштейт. Алардын ичинен эң натыйжалуу пункттар Мады жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрүндө жайгашкан. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын жашоочусу Юлашбай Эргешов алгачкы жолу жасалма уруктандыруу аркылуу төл алган фермерлердин катарында. Ал биринчи жолу 2012-жылы аталган ыкманы колдонуп көргөн.

«2012-жылы ветеринардык дарыгер Жунус Исмаилов биздин айылга жаңы уруктарды алып келген. Ал малды жасалма уруктандырып көрдү. 2013-2014-жылдары да жасалма уруктандыруу аркылуу мал төлдөттүм. Биринчи тууттагы музоо 1, 2 жана 5 жашка чыкканда аны жем менен багып, 137 миң сомго саттым. Кийинки туулган музоону да 2 жашка чыкканда 122 миң сомго саттым. Ал эми үчүнчү музоону бакпай эле 92 миң сомго бааладым. Учурда жасалма уруктандыруу аркылуу туулган бир музоону багып жатам. Анын туулганына 1-2 айдай болду», - деди Эргешов.

Ветеринардын айтымында, жасалма уруктандырылган музоо кадимки музоолордой эле жеңил туулат. Ал эми мал урукту кармап калганын 20 күндө билсе болот. Азыркы учурда бул ыкма 70 пайыз натыйжалуулугун көрсөтүп жатат. Зыянынан пайдасы көптүгүн белгилеген дарыгер уруктандыруу процесси тууралуу буларга токтолду.

«Азыр биз Германиядан, Швециядан, Америкадан, Голландиядан алынып келинген уруктарды колдонуп жатабыз. Алардын ичинде чоң жана майда малга колдонула турган уруктар бар. Учурда бизге Кыргызстандагы малга ылайыкталган гана уруктар келет. Бул ыкма менен музоолор 17-27 кг салмакта туулат. Туут албетте жеңил болот. Музоолор кадимки малдай эле тоют жейт. Болгону буларга альбен жана ивермек деген дарылай сайылбайт. Малдын уругу 7 айлык болуп калганда жем жана тоютту жакшы берүү керек. Малды жасалма уруктандырганда 70 пайыз учурда урук кармалат. Ар түрдүү себептерден мал уруктанбай калышы мүмкүн», - деди Исмаилов.

Буга чейин өкмөт фермерлерге 6 пайыз жеңилдетилген насыя берилерин билдирген. Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Мамедов жасалма уруктандыруу ыкмасы райондо натыйжалуу колдонулуп, ошол эле убакта бул ыкманы жайылтуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтат.

«Жасалма жол менен уруктандыруу мал чарбасындагы алдыңкы технологиялык ыкма болуп эсептелинет. Бул ыкма районубуздагы мал чарбасында бир катар натыйжасын көрсөтүп жатат. Бул багытта мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулууда. Бирок ошол эле кезде асыл тукум мал баккан фермаларга, урук сактоочу пункттарга жакшыраак көңүл бурулуп, жеңилдетилген пайызда насыялар берилсе натыйжа болот. Биз күбө болгондой бул ыкмадан фермерлер жакшы пайда табууда», - деди Мамедов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×