Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.02.2019 09:47

Видео: Өзгөндөгү мектептин жалгыз мугалими — «Дүйшөн» атка конгон А.Мансурова педагог келин алууну тилек кылат

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү Жогорку-Кайнар айылындагы мектепте бир эле мугалим иштейт. Жалгыз мугалим — «Дүйшөн» аткан конгон Абиба Мансурова башталгыч класстарда окуган 12 окуучуга билим берет.

Ал 10 жыл кошуна айылдагы мектепке ат менен каттап иштеген. 30 жылдан бери мектепте эмгектенген мугалим жумушундагы кыйынчылыктар тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

«Мугалим болуп иштеп баштаганда биздин айылда мектеп жок эле. Кошуна жайгашкан Кайнар айылына барып сабак берчүмүн. Эки айылдын аралыгы 5-6 чакырым алыс болгондуктан жөө басып баруу кыйын болчу. Ошондуктан ат менен каттачумун. Атты кайын атам токуп, даярдап берчү. 10 жыл ушинтип иштеп жүрдүм. Кийинчерээк биздин айылга башталгыч класстар үчүн ашар жолу менен мектеп курулуп, ал жерде жалгыз мугалим болуп калдым. Мектепте директор да, мугалим да өзүм. 4 класста 12 окуучу болсо, бардыгына сабакты өзүм өтөм. Айылдаштарым мени "айылдын Дүйшөнү" деп чакырышат», - дейт ал.

Абиба Мансурова учурда жаш мугалимдер мектепке келбей жатканын айтып кейиди.

«Мен карып бара жатам. Ордума иштей турган кыз-келиндер келсе жакшы болмок. Эч кимдин иштейин деген ою жок. Бир жылдары айылга бир келин келип, ал 2 жыл иштеп кетти. Мага дагы жеңил болмок. Азыр кичүү уулум мугалим кызга үйлөнсө деп тилек кылып жатам. Эгер келиним мугалим болуп калса абдан сүйүнмөкмүн», - деди ал.

12 окуучу билим алган мектеп 2000-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми жогорку класстагы окуучулар кошуна жайгашкан Кайнар айылына барып билим алышат. А.Мансурова кошуна айылга баруу окуучулар үчүн кооптуу экенин белгиледи.

«Эгер бул мектеп иштебей калса, жаш балдар кошуна айылга барып окуй албай калат. Себеби жол алыс. Ээн талааны аралап барган алар үчүн кооптуу. Ата энелер дагы чоочулашат. 4-класстан жогорку класстагы окуучулар кар көп жааганда бара албай калат. 6 чакырымдай алыс жол жүрүү окуучулар үчүн кооптуу», - деди ал.

Абиба Мансурова өзүнүн 4 уулуна тең биринчи мугалим болгон. Ал үзүрлүү эмгеги үчүн ардак грамоталар менен сыйланган.

Жогорку Кайнар айылында 25тен ашуун түтүн эл жашайт. Жашоочулар мал чарбачылык менен тиричилик кылышат.

--------------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин мугалим 2000-жылы курулган мектеп жараксыз абалга келгенин айтып берген болчу.

«Башталгыч класстар окуган мектептин имараты 2000-жылы жергиликтүү жашоочулар тарабынан ашар жолу менен курулган. Үч бөлмөлүү мектепте учурда 12 окуучу билим алат. 2015-жылы жер титирөөдөн улам имаратка жарака кеткен. Өткөн жылы айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнүп, мектептин жаңы имаратынын пайдубалы түптөлгөн. Атайын контейнер дагы бөлүнүп берилген. Бирок жол жаман болгондуктан алынып келинбей жатат. Мектепте мугалим да, директор да менмин. 4 класстын класс жетекчисимин», - деген ал.

Башталгыч мектепте 1-класста 4 окуучу, 2-класста 2 окуучу, 3-класста 3 окуучу, ал эми 4-класста 3 окуучу окуйт. Алар эки класстан биригип алып билим алышат.

Ал эми Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы Бактияр Абытбек уулу мектептин жаңы имаратын куруу аракети көрүлүп жатканын билдирген.

«Кайнар айылындагы башталгыч мектепке 2 контейнер бөлүнүп берилген. Айыл өкмөт аны айылга жеткирип берүү аракетин көрүп жатат. Мектепке айыл өкмөттүн бюджетинен акча бөлүнгөн жок. Бирок башка жактан каражат таап, бүтүрүү аракетин көрүп жатабыз. Жогорку бийликке да кайра кат жолдодук», - деген төрага.

Мектептин жаңы имаратын курууга 2,5 млн сом керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×