Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 01.03.2019 16:50 На русском

Кара-суулук тургун ВИЧ-инфекциясын жуктурган аялы менен баласын таштап, башкага үйлөнүп алган

Turmush -  Бүгүн, 1-мартта Кара-Суу районунда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен жолугушуу өттү. Анда балдарды мектепке кабыл алуу, алардын келечеги жана мамлекеттен берилген жардам талкууланды.

Жолугушууга келгендер ВИЧ-инфекциясын жуктурган балдар башкалардай эле билим алууга укуктуу экенин белгилешти. Алар аскерде кызмат өтөп, ички иштер органдарында иштесе болот. Бирок медицина кызматкери боло алышпайт. Себеби медицина кызматкерлери кан менен байланышта болот.

Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну Лира (ысымы өзгөртүлдү) инисинин ВИЧ илдетин жуктурган баласын багат. Ал быйыл 4-класста окуп жатат. Лиранын айтымында, бала жугуштуу ооруга чалдыкканы 1,5 жашында аныкталган.

«Иним менен келиним Россияга кетип жатканда баласын мага таштап кетишкен. Алар келген соң балада ВИЧ илдети бар экени аныкталып, иним "балага оору жугуздуң" деп мени күнөөлөп, токмоктоду. Илдет кандай жол менен жуга турганын түшүндүрсөк да түшүнгөн жок. Андан кийин аялынын анализи чыгып, андан да ВИЧ аныкталды. Иним аялына талак берип, башкага үйлөнүп алды. Келиним аборт жасатып, тиштерин да жулдурган. Мүмкүн илдет ошол учурда жуккан. Баланы учурда өзүм багып жатам. Ата-энем карып калгандыктан жукпай турганын айтсам да, баланы кодулай беришет. Маалыматы бар медицина кызматкерлери да аны текшергенде эки кат кол кап кийген күндөр болгон.

Бул илдеттин жугуусуна медицина кызматкерлерин күнөөлөйм. Себеби ВИЧ негизинен ийне аркылуу жугат. Үй-бүлөдө жолдошу таза болуп, бирок эне-бала ВИЧ илдетин жугузуп алган учурлар көп кездешет. Мындай учурларда эркектер аялын күнөөлөп, башка аялга үйлөнүп алышат. Алар өздөрүнүн оорусун жашырышып, эч жакка кайрыла да алышпайт. Медицина кызматкерлеринин кемчилигинен бул илдетке кабылгандарга акчалай жардам берилет. Бирок жогорудагыдай учурларда илдет энеден балага өткөнүн айтып кутулушат», - дейт Лира.

Ал эми Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова буларга токтолду.

«Ноокат районунда бул илдетке чалдыккан 26 баланын вирустук көлөмү кайра көбөйгөн. Ата-энелер дарыны күндө берип жатканын айтканы менен туура эмес убакта беришет. Дарыны өз убагында бербесе ал вируска таасир этпейт. Ата-энелер илдетке чалдыккан балага бөлүнгөн 4 миң сом жетпей турганын айтып келишет. Бирок дарылар акысыз. Аталган каражат дары жок болуп калса сатып алуу үчүн берилет.

ВИЧ илдетин жуктурган бала кадимки балдардай эле басат, тамакты өзү жейт. Алар өспүрүм куракка толгончо эмнеге дары ичип жатканын түшүндүрүү керек. Илдет тууралуу алар бойго жеткенде айтышса психологиясы көтөрө албай калышы мүмкүн.

Жыл сайын 60ка чукул энени балдары менен кошо Ысык-Көлгө окутууга алып барабыз. Балдарга 10 жаштан 12 жашка чейин ВИЧ илдети жөнүндө маалымат берип, аны өнөкөт оору катары түшүндүрүш керек. Ноокат районунда бийлик өкүлдөрү 10 миң сомдон жардам көрсөтүшөт экен. Биз да башка райондордун өкүлдөрүнө илдетке кабылган балдарга жардам берүүнү сунуштап жатабыз», - деди Элмира Нарматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×