Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуАлай району 09.03.2019 20:00 На русском

Айыл турмушу: Алайлык Улан Тайлаков аары багып, жылына 4 тоннага чейин бал алат (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районуна караштуу Гүлчө айылынын 37 жаштагы тургуну Улан Тайлаков 20 жылдан бери аары багып, бал өндүрүп келет. Ал аары багуунун сырларын атасынан үйрөнгөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Улан мырза аарыларды Украинадан алып келген. Ал бал аары багуу кирешелүү жана аз каражатты талап кылган бизнес экенине токтолду.

«Атам балчы болгон. Аары кармоонун көп сырларын атамдан үйрөнгөм. Чакан чарбаны иштетип жатканыма 20 жылдан ашты. Ишти жеке каражатым менен баштагам. Аары багып, бал өндүрүү аз каражатты талап кылат. Мал чарбасына караганда жумушу бир топ жеңил. Учурда жалпы 150 бал челегим бар. Бал челектерде карпат тукумундагы аарылар багылып жатат. 2017-жылы 10 даана, 2018-жылы 30 даана карпат тукумундагы аарыларды Украинадан сатып алгам. Жыл сайын эки-үчтөн аары сатып алып турам», - деди Улан Тайлаков.

Аталган аарылардын бир даанасы 2,5 миң сомдон баштап 10 миң сомго чейин бааланат.

«Мен аарыларды 2,5-3 миң сомго чейин сатып алгам. Алар жергиликтүү аарыларга салыштырмалуу мүнөзү оор болуп, адамды көп чакпайт. Булар Кыргызстандын климатына жакшы ыңгайлашып, тез көбөйөт. Мындан сырткары бакфаст, карника тукумундагы аарылар бар. Аларды 10 миң сомдон сатып алса болот. Биз көбүнчө карпат тукумундагы аарыларга басым жасайбыз», - дейт ал.

Анын айтымында, аарылардын ургаачыларын гана сатып алат.

«Аарылардын энелерин гана сатып алабыз. Ар бир челекке бирден салып койсок көбөйүү мезгилинде күн сайын 1,8-2,5 миңге чейин жумуртка тууйт. Көбөйүү мезгили июнь, июль айында болот. Жайында ар бир челектеги аары 80-90 миңге чейин жетет. Булар биринин челегине бири кирбейт. Ар бири өз челегине бал топтошот. Жайында жайыттарга, гүл, чөп көп өскөн жерлерге көчөбүз. Жаз, жай жаан-чачынсыз болсо бал көп болот. Бир жылда эки жолу ар бир бал челектен 35-40 килограммдай бал жыйнап алабыз.

Ал эми эрте жазда жана кышында жалпы 10 тоннадан ашык кумшекер керектелет. Аларды бул мезгилдерде шекер менен багабыз. Ар бир бал челекке жылына жалпы 5 килограммдан кумшекер салабыз. Андан сырткары 1 литрден бал беребиз. Март айынын башынан баштап аарылар сыртка чыга баштайт. Аарылар да ооруп, өлүп калышы мүмкүн. Мындан улам жылына 2 ирет бал челектерге дары чачып турабыз. Бир жылда 4 тоннага чейин бал алабыз», - деди ал.

Улан мырза балды жергиликтүү базарларда сатат. Балдын килограммы 250-300 сомго бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×