Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАлай району 18.05.2019 19:00 Жаңыланды: 18.05.2019 19:00 На русском

Айыл турмушу: Алайлык багбан 2 гектар бакчада алма өстүрүп, жылына 8 тоннага чейин түшүм алат (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын 65 жаштагы тургуну Алайбек Алымкулов 20 жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет. Ал багбанчылыкты өздөштүрүү үчүн көп китеп окуганын айтат.

Алайбек Алымкулов: «Буга чейин 12 жыл айыл чарба иштери менен алектенип, андан кийин жолдо иштеп, кийинчерээк багбанчылыкка кызыгып кеттим. Кышы менен китептерди окуп, маалымат алып, билгендеримди тажрыйба жүзүндө колдонуп баштадым. Балдарым үчүн алма бак тиктим. Гүлчөдө элдин көпчүлүгү багбанчылык менен алектенбегендиктен алар да мага окшоп бак тигип, пайда көрүп, үйрөнсүн деп дагы кошумча алма бак отургузуп баштадым. Бактарды карап, дарылаганда кадимкидей эс алам. Көчөттүн керексиз шактарын алып, бутап турам. Көчөттүн бүчүрлөрү кандай болуп өсөрүн элестетип көрүп, керексиз жерлерин кыркып салам. Анткени көчөттүн керексиз бутактарын албасаң мөмөсү аз жана кичинекей болуп калат. Ошондуктан алма бакты туура бутап, кам көрүүнү да билиш керек», - дейт ал.

Багбан көчөттөрдү жылына 3 жолу дарылоо жетиштүү экенин белгилеп, алманы сактоо ыкмаларын айтып берди.

«Кыш чилдеси чыккандан кийин бакты бутоо иштерин бүтүрүп, дароо даары чачылат. Андан кийин жазында көчөт гүлдөп, гүлүн 90-95 пайыз төккөндө дары себилет. Бирок өтө күчтүү жана уулу дары себилбейт. Анткени күйгүзүп алып, күзүндө мөмө аз алып калышың мүмкүн. Акыркы дарылоо иштери көчөт мөмө байлаганда жүргүзүлөт. Көпчүлүгү дарылоо мезгилин жана себилүүчү дарыны туура тандабагандыктан түшүм аз алып калат. Уулу дары сепкенден кийин жетилген мөмөнү адамдар жеп, көп ооруларга чалдыгат. Алманы туура жерде сактасаң көпкө чейин сапатын жоготпой, жакшы сакталат. Кышында -8 градустан жогорку температурага алма туруштук бербей, үшүк алат. Ошого жеткирбей бирдей температурада кармоо зарыл жана кыш-жаз мезгилинде жер төлөгө суу коюп же кар чачып койсо, алма жакшы сакталат», - деди Алымкулов.

Учурда багбандын 2 гектар бакчасында 400дөн ашык алма, гилас дарактары бар. Алма бакчадан жылына 4 тоннадан 8 тоннага чейин түшүм алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×