Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 18.03.2019 20:21

Жүрөгүндө 4 тешиги менен кыркка чыгып, балалуу болгондор бар, - кардиоревматолог У.Үмөталиева

Turmush -  Тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Жылына 15-17 бала жүрөгүндө тешиги бар болуп төрөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ош шаарында өткөрүлгөн жыйында балдар кардиоревматологу Урниса Үмөталиева билдирди.

«Ош шаары боюнча 6 поликлиникадагы тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдар менин каттоомдо турушат. Учурда каттоодо 200дөн ашуун бала бар. Кош бойлуулуктун 3 айлыгында оорунун оор түрү менен ооруган бала аныкталса энелерге боюнан алдырууну сунуш кылабыз. Жүрөк кемтигинин 100дөй түрү бар. Анын эң оор түрү — 4-5 тешиги менен туулган балдар. Аларды операция менен гана сактоого мүмкүн. Ал эми тешиги аз болсо, баланы жакшы бакса, өзү бүтүп кетет. Убагында операция үчүн Бишкекке барышса, азыр Жалал-Абад облусунда операция кылуу мүмкүнчүлүгү жаралды», - дейт Урниса Үметалиева.

Жүрөк кемтигинин негизги себептери катары инфекция жана экологиянын шарты саналат.

«Жүрөгүндө кемтиги бар балдар УЗИде аныкталбаса, төрөт үйүндө аныкталып, бизге жиберишет. Бул оору менен жабыркагандар деле соо адамдардай эле жашашат. Менин бир бейтабымдын жүрөгүндө 4 тешик бар, 40 жашка келип эки балалуу болду», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×