Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.04.2019 20:00 На русском

Айыл турмушу: Россиядан иштеп тапкан акчасына ферма түптөгөн Н.Тайтокуров асыл тукум мал көбөйтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылынын 48 жаштагы тургуну Нурбай Тайтокуров Россияда иштеп таап келген акчасына мал чарбасын түптөп, киреше таап жатат. Ал эт жана сүт өндүрүү максатында асыл тукум мал багат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурбай мырзанын айтымында, мал чарбачылыгы менен алектенүү пайдалуу жана кирешелүү тармак.

«Ферманын аталышы — "Муктар Таян". Атам менен агамдын атынан койгом. Чарбаны түптөп баштаганыма 3 жыл болду. Жубайым менен Россияда иштеп таап келген акчабызга 2016-жылы мал сарай курганбыз. Башында 150 жергиликтүү бука баккам. Аларды сатып, 2017-жылы асыл тукум малдарды көбөйтүп, Кыргызстанга жайылтуу максатында Ала-Тоо жана швед тукумундагы 20 бука, 50 уй алып келгем. Букаларын 1 жылга чейин багып, сатып жибергем. Уйларды швед тукумундагы букалар менен аргындаштырып баштадык. Жылда кунаажындарын алып калып, букаларын багып, сатам. Малдын саны жыл сайын өзгөрөт. Алардын саны 1 жылда жүздөн ашса, анын арасынан букаларды сатабыз. Кунаажындардын жакшыларын алып калып, калганын сатыкка чыгарабыз. Барын нөлдөн баштап, жакында эле чарбаны чоңойтуу үчүн насыя алдым», - деди Н.Тайтокуров.

Анын айтымында, ферманын негизги максаты — жергиликтүү тургундарды сапаттуу эт жана сүт азыктары менен камсыз кылуу.

«Оорукана, бала бакчаларды, жергиликтүү тургундарды сүт азыктары менен камсыздайбыз. Кыргызстанда асыл тукум малдардын санын жана сапатын жогорулатуу биздин негизги максатыбыз. 20 уй жылына 15-16 торпок тууйт. Көбөйүү темпи жакшы. Кунаажындардын жакшыларын швед тукумундагы букалар менен аргындаштырам. Бишкектен 150 миң сомго бука сатып алдым. Малды экспорттоо учурунда дагы кыйынчылыктар жаралбайт. Себеби малдын сапаты бардык талаптарга жооп берет. Буларга мал базарда суроо-талап жогору», - деди фермер.

Нурбай мырза келечекте асыл тукум малдын санын көбөйтүп, чоң чарба түптөп, Ош облусун сапаттуу сүт жана эт азыктары менен камсыз кылсам дейт.

«Келечекте чакан чарбаны чоңойтом деген оюм бар. Азырынча күнүнө 500 литрге чейин сүт алабыз. Бир жылда 5-6 бука сатабыз. Алар эт өндүрүү багытындагы букалар болгондуктан, өтүмдүү болушат. Букаларды Өзбекстан, Тажикстандан келип сатып алышат. Көбүнесе Кыргызстандын облус, райондорунан келип, алып кетишет. Суроо-талап көп болгондуктан малдын санын көбөйтсөм дейм. Буюрса Ала-Тоо тукумундагы уйлардан алып келсем деген пландарым бар», - деди фермер.

Анын чарбасында 6 жумушчу эмгектенет. Алар 10 миңден 15 миң сомго чейин эмгек акы алышат. Тоюттун өзүнө эле бир жылда 5 миллион сом коройт.

«Таңкы саат 4төн баштап 6 жумушчум мал менен убара. Жем, чөп, суусун сааты менен убагында бериш керек. Азырынча келинчегим 20 уйду өзү саап жатат. Малдын саны көбөйсө саанчы жана уй саай турган аппарат алам. Ар бир уйду эки маал сайбыз. Ар бири 20 литрден ашык сүт берет. Буюрса чыгашаларды 4-5 жылда актаса… 4 млн сомду 10-20 пайыз үстөк менен насыяга алганбыз. Уйлардын саны көбөйсө чыгашаны актап баштайт. Тоют, дары-дармектерге 5 миллион сом каражат кетет», - деди Н.Тайтокуров.

Ал үй-бүлөлүү, 3 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×