Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.03.2019 08:00

Өрттөлгөн жалбырактын түтүнү рак оорусун чакырат, - эколог

Turmush -  Жаз мезгилинин келиши менен көчөдөгү, чарбактагы жалбырактар тазаланып, өрттөлүп жатат. Экологдордун айтымында, жалбыракты өрттөө экологияга гана эмес, адамдардын ден соолугуна дагы зыян.

Эколог Адылбек Матысаков жалбырактарды өрттөө рак оорусун чакырат дейт.

«Жалбырак көмүр кычкыл газын жана ар кандай зыян заттарды өзүнө сиңирип алгандыктан, аны өрттөө абдан зыян. Өрттөлгөн жалбырактын түтүнү абаны булгап, экологияга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн. Анын түтүнү рак ооруларына дагы алып келет. Жалбыракты өрттөбөй, көмүп коюш керек», - деди А.Матысаков.

Аймактык кабарчы Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүнүн оң тарабында таштандылар, жалбырактар өрттөлүп жаткандыгын билдирди. Аталган жер Кара-Суу районуна карайт. Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондор аралык башкармалыгы ал жерди текшерүү үчүн кызматкерлер кетишкендигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×