Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 20.03.2019 08:45

Ош шаарында жаңы милиция бөлүмү ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 19-март күнү Ош шаарындагы Курманжан датка кичи районунда жайгашкан Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн базасындагы №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Ош ШИИБдин башчысы Мурат Боронов, Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, шаардык башкармалыктардын милиция бөлүмүнүн жетекчилери менен өздүк курамы жана ички иштер органдарынын ардагерлери катышты. Жаңы №4 бөлүм Курманжан датка кичи районун, студенттик шаарчанын, Өзгүр айылынын, «Таатан» соода түйүнүнүн аймагын тейлейт. Андан тышкары жай мезгилинде Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алгандардын коомдук тартибин көзөмөлдөшөт.

№4 шаардык милиция бөлүмүнүн карамагында Ош шаарынын 35 миң тургуну, андан тышкары студенттик шаарчада жогорку окуу жайлардын, орто-техникалык колледждин жана төрт орто мектептин 30 миңден ашык студенттери менен окуучулары болот.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чогулгандардын алдына чыгып, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга, коомдук тартипти сактоого, калкты коргоого чакырды.

«Кадрларга, материалдык-техникалык камсыздоолорго байланышкан бардык маанилүү маселелер чечилет. Биз калктын урмат-сыйына жана ишенимине ээ болуп, ички иштер органдарынын беделин көтөрүшүбүз керек», - деди министр.

Ошондой эле түштүк аймакка болгон иш сапардын алкагында министр К.Жунушалиев
Ош ШИИБдин бөлүмдөрүн текшерип, соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы мыйзамдар менен кодекстердин талаптарын аткаруу боюнча негизги маселелер каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×