Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.05.2019 22:30 На русском

Погончон айым: Кыргызстанда түркмөн кызына жеңилген Нурзат Азия оюндарында кайра реванш алган (сүрөт)

Turmush -  24 жаштагы Нурзат Бахтияр кызы Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгында өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектор болуп эмгектенет. Ал милициянын ага лейтенанты жана алыш күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын спортко аралышып калышына атасынын эмгеги зор.

«Атам өзү балбан жана улакчы болгондуктан "Курманжан даткадай чыгаан кыздардан болосуң" дей берчү. Мага күн тартибин түзүп берип, машыктыра баштаган. Ошол убактарда алыш күрөшү жаңы эле тааныла баштаган спорттун түрү болчу. Коңшу айылдагы машыктыруучу "спортко күрөштүн жаңы түрү кирди, келечеги кең" деп кызыктырып, бизге ыкмаларын үйрөтө баштаган. Эркек мүнөз болгондуктан өзүмдү милиция тармагынан башка кесипте көрө алган жокмун. Атам дагы тандоомду колдоп, Ички иштер академиясына сынактардан кыйынчылык менен өтүп, окуп калгам. Окууда машыгуу башка, тартип башка экенин көрдүм. Намыстанып жүрүп, окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктадым», - деди Нурзат.

Ал алыш күрөш менен 8 жылдан бери машыгып келет. 2016-жылы «Курманжан датка» атындагы эл аралык турнирде баш байгени, 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында алтын жана коло байгени жеңип алса, 2018-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медалдын ээси болгон.

«2017-жылы Ашхабадда өткөн Азия оюндары мен үчүн жемиштүү болду, бирок аябай кыйналдым. Аба-ырайы 30 градус ысык болгондуктан мурдум канап, көнө албай койдум. Кыргызстандан досторум, туугандарым телефон чалып, кыргыз эли сенин жеңишиңди күтүп жатат деп колдоп, кубаттап жатышты. Анан бардык калыстар түркмөнстандык балбандарга жан тартып туруп алышты. Ошондой убакта намыстанып, өчөшүп, алтын медалды багындырдым. Кызыгы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түркмөнстандык балбанга алтынды алдырып жиберип ызалансам, дал ошол кыз менен Азия оюндарынын финалында беттешип, жеңип алдым. Адамда кыйынчылык канчалык көп болсо, ийгилиги дагы ошончолук болот деп ойлойм», - дейт Нурзат.

Учурда өспүрүмдөр менен иштешкен Нурзат мектепте болгон кызыктуу окуясын дагы айтып берди.

«Кызматтык форманы кийип мектепке барсаң, окуучу кыздар суктанып, тиктеп туруп калышат. Көбүнчө жогорку класстын окуучулары менен иштешкендиктен төмөнкү класстарга кирбейм. Бир жолу 3-класстын окуучулары тентек кылып жатышыптыр, өтө шок балдар экен. Класска кирип барсам, мугалими дагы коркутуп алайын деди окшойт "көрдүңөрбү, эми милиция эжеңер тентек балдарды алып кетип камайт" десе, баары ыйлап киришти. Сооротсок дагы болбой ыйлап жатышты. Алдап, күлдүрүп атып араң сооротконбуз. Азыр ошол мугалим экөөбүз жолуксак күлүп калабыз», - дейт погончон айым Нурзат Бахтияр кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×