Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 20.03.2019 16:32 На русском

Акимдер конок тосуу адатын токтотсун, - премьер-министр

Turmush -  Бүгүн, 20 март күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы жыйналыштын алкагында акимдердин конокторду тосуу адатын токтотуш керектигин айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Премьер-министр М.Абылгазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жыйындар залында облустагы акимдер менен жыйын курууда. Ал чогулуштун алкагында акимдердин жумушуна дагы токтолду.

«Акимдер конокторду тосуу адатын токтотуш керек. Алар өз ишин татыктуу аткаруусу абзел», - деди премьер-министр түз байланыш аркылуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылып жатып.

Жыйын айыл чарба маселесине арналган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×