Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.03.2019 15:18

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү Нооруз майрамына 83 миң сом бөлдү (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 15 боз үй тигилип, тамак-аштын 100дөн ашуун түрү жасалды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Руслан Талантбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган айыл өкмөттө Нооруз майрамы кечээ, 20-март күнү Гүзар айылында өткөн. Иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 83 миң сом бөлүнүп, ар түрдүү спорттук мелдештер уюштурулган. Андан тышкары боз үйдүн жасалгасы, улуттук каада-салттар боюнча сынактар өткөн. Анын жыйынтыгында «Эң мыкты боз үй жасалгасы» наамын алгандарга жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана алкыш баракчалары ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×