Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 23.03.2019 14:50 На русском

Ошто мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар жабылат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан май куюучу жайлар жабылат. Бул тууралуу шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Кечээ, 22-март күнү Ош шаарынын Гагарин жана Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайлардын коопсуздугу текшерилген. Текшерүү иштерине тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен Т.Сарыбашев дагы катышкан.

«Жакында эле май куюучу жайда катталган окуядан кийин ушундай маселе көтөрүлүп жатат. Эч бир курулуш элдин коопсуздугунан жогору турбаш керек. Бул маселе Экономика министрлиги менен макулдашылса, мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынат», - деди Т.Сарыбашов.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаарындагы аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Мелис Адиев буга чейин май куюучу жайлар жерге кызыл китеп алгандыгын, ошондуктан көчүрүлбөгөндүгүн билдирди.

«Буга чейин май куюучу жайлар кызыл китептерди алышкан экен. Бирок учурда башкы план иштелип чыкты. Ага ылайык, май куюучу жайлардын баары шаардын сыртына чыгарылыш керек», - деди ал.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын маалыматына караганда, кандай гана курулуш болбосун, ал май куюучу жайдан 50 метр алыстыкта салыныш керек. Бирок Ош шаарындагы Гагарин жана Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эки май куюучу жайдын жанына көп кабаттуу үй курулган. Ал пайдаланууга берилгенине аз гана убакыт болду. Май куюучу жайлар андан мурун курулган. Эки курулуштун аралыгы 50 метрге жетпейт. Мелис Адиев бул маселени Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы билерин белгиледи.

Ал эми архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ажимурат Жолдошев белгиленген пландын негизинде иш-аракеттер көрүлөрүн айтты.

«Мыйзам боюнча башкы пландын резолюзациясы менен ар бир кварталдын же болбосо объектердин ички резолюзациясы бар. Резолюзация боюнча май куюучу жайлардын баары шаардын сыртына чыгарылыш керек», - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Баймуратовдун айтымында, буга чейин мыйзамсыз курулуштар боюнча курулуш ээлерине дагы, шаардык экотехинспекциясына дагы кат жолдонгон.

«Ош шаарындагы 47 объекттин мыйзамсыз курулгандыгы боюнча ээлерине, шаардык экотехинспекциясына кат жибергенбиз. Биз эскертүү берүү менен гана чектелебиз. Айып пул же башка иштерди кыла албайбыз», - деди ал.

Мыйзам боюнча май куюучу жайлар шаардын сыртына курулуш керек. Аталган маселе 20-мартта Ош шаарындагы Петров көчөсүндөгү май куюучу жай өрттөнгөндөн кийин көтөрүлдү. Буга чейин Ошто бир нече май куючу жайлар мыйзамсыз курулгандыгы жөнүндө айтылып келген. Бирок ал маселелер убагында чечилген эмес.

Шаардык экотехинспекциянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ош шаарында 44 май куюучу жай иштейт.

Буга чейин Turmush басылмасы 20 март күнү Петров көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанында май куюучу жайдан өрт чыкканд ыгын жазган. Анын кесепетинен 3 адам жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×