Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 25.03.2019 10:57 На русском

Кара-Сууда өспүрүмдөр арасында суцидди алдын алуу боюнча конференция өттү (сүрөт)

Turmush -  23-март күнү Кара-Суу районунун Сары-Колот, Жаңы-Арык айыл аймагында өспүрүмдөр арасында суицидди жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Мектеп, ата-эне, коомчулук менен кызматташуу аркылуу окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү» аталыштагы ата-энелердин аймактык конференциясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, конференцияда окуучулар менен ата-энелердин жана мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы мамилени бекемдөө боюнча талкуу уюштурулду. Иш-чарага Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова, Кара-Суу РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана ата-энелер катышты.

Ошондой эле 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштуруу, билим сапатын жогорулатуу максатында балдардын бош убактысын туура пайдалануу боюнча маселелер талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×