Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.03.2019 20:00 На русском

Оштун бийчилери Казакстандагы фестивалда 1-орунду ээлешти (сүрөт, видео)

Turmush -  22-марттан 25-мартка чейин Казакстандын Нур-Султан (мурунку Астана) шаарында өткөн «Жаз музыкасы» аттуу эл аралык бий фестивалында Ош шаарындагы №5 Ж.Бөкөнбаев мектеп-гимназиясынын «Нур» бийчилер тобу 1-орунга ээ болушту. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Элзада Кочкорбай кызы аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, фестивалга 5 мамлекеттен 30дан ашык бий тобу катышкан.

«Сынакка Россия, Өзбекстан, Казакстан, Каракалпакстан жана Кыргызстандан 30дан ашуун бий топтору катышты. Алардын ичинен биздин бийчилер эң мыкты деп табылды. Фестивалга 4-5-класстын окуучулары барышкан. Алар медаль жана грамоталар менен сыйланышты. Чыгымын окуучулардын ата-энелери камсыздап берген. "Нур" бий тобу 2013-жылы түптөлүп, көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатат», - деди Элзада Кочкорбай кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×