Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 29.03.2019 11:12 Жаңыланды: 29.03.2019 18:53 На русском

Видео: Аккордеондо кол ойнотуп, интернетте таанылган Каныбекти Европага чакырып жатышат

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын 26 жаштагы тургуну Каныбек Дайырбек уулу аккордеону менен обон созуп, жергиликтүү элдин сүймөнчүгүнө айланган. Ал интернет аркылуу белгилүү болуп, ырларын сүйүп уккан күйөрмандарын топтоого жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каныбек 5 бир туугандын төртүнчүсү. Алгач интернетке 1-2 ырын жүктөгөн. Ал ошондон тартып ырларын суранып уккандар көбөйүп, кыргыздын алтын казынасына айланган чыгармаларын ырдап, интернетке бат-баттан жүктөп калганын айтты.

«Мектепте окуп жүргөндө эле ырчы болууну кыялданчумун. Агайларым дагы ырдатып калышчу. Атам, апам экөө тең жакшы ырдашат. Ырчылык өнөр мага алардан өткөн десем болот. Мектепти аяктагандан кийин Ош шаарына келип, музыка багытында билим алдым. Ал жердеги агайларым мени жакшы ырдоого тарбиялашты», - деди ал.

26 жаштагы ырчы көбүнчө залкар обончу Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшбаев, Чубак Сатаев сыяктуу кыргыздын атактуу ырчыларынын чыгармаларын аткарат. Анын айтымында, аты аталган ырчылардын ырларын созуп бер дегендер көп.

«Учурда обончу, аткаруучу Р.Абдыкадыров, А.Керимбаев, Ч.Сатаев аталарыбыздын ырларын угам дегендер көп. Улуу муун уккан бул ырлардын өзгөчө орду бар десек болот», - деди ал.

Каныбек обон жарата элек. Бирок келечекте обон чыгарып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларга автор болууну самайт. Ал акыркы жылдары жандуу үн менен ырдагандардын эмгеги баалана баштаганын, жандуу үндүн орду жогору экенин белгиледи.

«Ырды жандуу аткарган ырчылар көп. Элдин талабы дагы ушундай болуп калды окшойт. Жандуу үн менен ырдагандар бааланып, ийгиликтерди багынтып жатышат. Мыкты ырлар дагы жаралууда», - деди ырчы.

Каныбек Дайырбек уулу интернет аркылуу элге таанылып баштагандан кийин Казакстан, Өзбекстан жана Россияга чейин атайын чакыруу менен барып, өз өнөрүн тартуулап келген. Учурда аны Европада иштеген кыргыз мигранттары чакырып жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×