Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Озгон 02.04.2019 19:41

Өзгөн шаарынын жаңы мэри 17-апрелде шайланат

Turmush -  Премьер-министрдин 26-марттагы буйругу менен Ош облусундагы Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов ээлеген кызматынан бошотулган. Буйрукка өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо күнү белгиленгенин билдирди. Шаардык кеңештин депутаттары 17-апрель күнү саат 09:00дөн тарта 12:00гө чейин добуш беришет.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарба субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жаран шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран мэр болуп эмгектенүүгө укуксуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×