Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуАлай району 03.04.2019 16:49

Айыл турмушу: Алтынай интернеттен үйрөнгөн өнөр аркылуу киреше табууну өздөштүрдү (сүрөт)

Turmush -  25 жаштагы Алтынай Акмамат кызы Алай районундагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну. Кесиби боюнча тилчи. Бирок учурда убактылуу бош болгондуктан өз алдынча иш баштап, киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алтынай айым кагаздардан ар кандай гүлдөрдү, гүлдестелерди жасайт. Ал жасап жаткан иши кирешелүү экенин айтты.

«Мен кагаздан гүл жасаганды интернет булактарынан үйрөнгөм. Кесибим боюнча мугалиммин. Кол өнөрчүлүккө кызыгам. Мындай буюмдарды жасоо адамга ырахат тартуулайт. “Чебердин колу алтын” деп айтылат эмеспи. Өзүңдүн фантазияң менен жараткан буюмдарды карап отурган дагы өзүнчө бир башкача сезимдерди тартуулайт. Аз да болсо пайдам тийип, адамдардын көңүлүн көтөрүп жатканыма кубанычтамын», - деди Алтынай айым.

Анын айтымында, бир букет гүлдү жасоо үчүн 5-6 саат убакыт кетет. Ал үй жумуштарына да, баласына дагы, буюртмаларды убагында жасап, бүтүргөнгө дагы жетишерин айтат.

«Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы бар. Гүлдестелер канчалык чоң болсо ошончо убакытты талап кылат. Алардын чоңдорун 5-6 саатта жасап бүтүрсөм, киченекейлерин 2-3 саатта жасайм. Бир гүлдесте 400-500 сомдон жогору бааланат. Түрдүү, түстүү кагаздарды Кара-Суунун базарынан эле сатып алам. Колдонулган кагаздар "гофреленген кагаз" (гофрированная бумага) деп аталат. Аларды бир формага келтирүү оңой. Чоң гүлдестенин ичинде 80-90 гүл болот. Бир күндө 1-2 гүлдесте жасап бүтүрөм. Негизи буюртма алып, анан жасайм. Майрамдарда көп буюртма болгондугуна байланыштуу гүлдестелерди түнү менен жасап чыгам. Кайын эне, кайын атам менен чогуу жашайм. Үйдө бекер отурбайын деп ушул ишти баштап алдым», - деди Алтынай.

Ал 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×