Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусуНоокат району 04.04.2019 13:44 Жаңыланды: 04.04.2019 20:23 На русском

«Бизди каргаган келинди унаа сүзүп»... Жол тескөөчү А.Ташматов жумушунан которулганда айдоочулар майрамдашкан

Turmush -  Ноокат районунун тургуну Абдыгапар Ташматов 29 жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келет. Ал 2015-жылы «Мыкты кызматкер» наамын алган. Соңку 11 жылдан бери Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө эмгектенет. Ал аймактык кабарчыга жумуш учурунда башынан өткөн кызыктуу жана аянычтуу окуяларды айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал апасынан эрте ажырап, жатак мектеп-интернатында тарбияланган. Ал жактагы тартип аны күч түзүмдөрүндө иштөөгө даярдаган.

«Ноокат районундагы жатак мектеп-интернатында 8-класска чейин окуп, катуу тартипте чоңойдум. Ошондуктан армияга барганда, командировкага чыкканда кыйналган жокмун. Себеби кечинде жакаларыбызды жууп, үтүктөп, бут кийимибизди майлап жатчубуз. Кичинекей кезимден эле үй-бүлөмдөн алыс өскөндүктөн Германияга 2 жылдык аскердик кызмат өтөгөнү барганда кыйынчылык жаралган жок.

1990-жылы армиядан келип, Нарын облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда (азыр Жалал-Абад облусуна карайт) иштеп калдым. Жаңы эле ишке орношкондо "кызыбызды ала качып кетишти" деп арызданып бирөөлөр келишти. Кызды 60 км алыстагы жайлоого ала качып кетишиптир. "ЗИЛ-53" унаасынын айдоочусу ошол күнү ооруп калып, ал унааны өзүм айдап, кыздын жеңеси, эжеси менен баланын үйүнө бардык. Баланын туугандары мени сыйлашып, бозодон куюп беришип, "сен кызга унаам бузулуп калды деп калтырып кой" дешип алдаганга өтүштү. Кыз калбайм дегенинен кызматымды аткарып, аны алып келгем. Кийин ал үйдөн көп жолу чай ичип жүрдүм», - деди Абдыгапар Ташматов Нарындагы жумушу жөнүндө.

Ал жубайы менен Тогуз-Торо районунда иштеп жүргөндө баш кошкон. Ош шаарына келгенден кийин Кара-Суу районунда айдоочу, кылмышкерлерди убактылуу кармоочу жайда күзөтчү болуп иштеген. 2008-жылы Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө ишке орношкон. Ал жумушу учурунда акча сунуштап, мас абалда кармалып, жогору жакта иштеген туугандарына ишенген айдоочуларга кезигип каларын айтты. Анын айтымында, кылмыштар көбүнчө түнкү саат экиден таңкы бешке чейин болот.

«2015-жылы кызмат учурунда 1 тонна 700 литр күйүүчү майды уурдап бара жаткан балдарды кармаганбыз. Ал күнү түнкү саат 2:30 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунда Өзгөнгө жакын жерде май куюучу жайдын алдында турганбыз. Айланабыз ээн талаа, 3-4 гектар жүгөрү эгилип, бышып калган убак болчу. Жакын жерден унаанын үнү угулуп, бирок фаралары жанбаганы шек жаратты. Биз дагы унаанын жарыктарын өчүрүп, ошол тарапка айдап барсак "Портер" унаасы туруптур. Анын жанында 2-3 бала турган. Бензин жыттанып жатты. Балдар май куюучу жайдан бензин куйдурушканын айтышты. Бирок ал унаа биз турган жерден өткөн эмес. Анан "Портер" унаасы солярка менен жүрөт, бул эмнеге бензин жыттанып жатат?" деген ой болду. "Портердин" артындагы бочкаларда бензин бар экен. Көрсө балдар май куюучу жайдын артында, жүгөрү талааны аралатып түтүк (шланг) көмүшүп, ажаткана аркылуу май куюучу жайдан бензин сордуруп, сатып жүрүшкөн экен. Түтүктү сууга толтуруп, анын башын, аягын бууп, керек болгондо башын ачып, аягын көтөрүп жибергенде суу агып, ал суу бензинди кошо соруп кетчү экен. Балдардын бири май куюучу жайда иштеп жүрүп, анын нөөмөтүндө бензин азайып кетип жаткандыгы үчүн жумуштан бошотулуптур. Ал шериктерин таап, бензинди ушундай ыкма менен уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жүрүшкөн экен. Май уурдап жүргөн балдар бизге акчадан баштап бардык нерсени сунушташты. Макул болбосок, коркутууга өтө тургандай сезилди. Түн жарымда ээн талаада, байланыш жок, алар үчөө, биз экөөбүз эле. Байланыш чыга турган тарапка жетүүгө аракет кылып, "силерди узатып коёлу, жардамдашалы" деп аларды көндүрдүм. Байланыш чыккан жерге жеткенде жардамчы топту чакыртып, колго түшүрдүк. Тергөөнүн жүрүшүндө май куюучу жайдын жетекчиси бензин азайып жаткандыгынан Бишкектен атайын адистерди чакыртып, май куя турган бактарды текшерткенин айтты», - дейт Абдыгапар мырза.

Ал бир жылдары 1-сентябрь күнү апасы баласын мектепке жеткирип бара жаткан убакта МАИ (азыркы ЖКККБ) кызматкеринин көзүнчө баланы унаа сүзүп кетип, ошол жерге барган укук коргоо кызматкерлердин баарын апасы каргап, айыптап жүргөнүн айтып берди.

«Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы мектеп чоң жолдун боюнда жайгашкан. 1-сентябрда биздин кызматкерлер жолдогу кыймылды көзөмөлдөп, окуучуларды жолдон өткөрүп жатышкан. Ошол мектепте иштеген 35 жаштардагы келин баласын жетелеп бара жатканда баласы колунан жулунуп чыгып, жолго чыга калыптыр. Баланы унаа сүзүп, ал ошол жерден каза болгон. Апасы ошол жерде турган биздин кызматкерди жулмалап, каргап, айыптаган. Кийин ошол жерге бизде иштеген кызматкерлер барса дагы "силердин дагы балаңар көзүңөрчө өлүп калсын" деп каргап жүрдү. Күйөөсү экөө атайын унаасы менен келип, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго туруп алышып, жинибизге тийип жүрүштү. Жетекчиден мени бир жумага ошол жерге коюуну сурандым да, күйөөсү мыйзам бузганда айдоочулук күбөлүгүн алып, айып пул жазып бергенде унчукпай калышты. Жакында эле айылдаштарым ал келинди дагы унаа сүзүп, каза болгонун айтышты. Баарыбыз жаман абалда болдук», - дейт А.Ташматов.

Ал жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер айдоочулар ортого адам салбаса талаш-тартышка барбай турганын айтты.

«Жогорку кызматта иштеген адамдарды токтотуп калганда "мен сени иштен алдырам, менин ким экенимди билбейт экенсиң" деп башташат. Андайлар менен аягына чейин күрөшөм. Кара-Сууда иштеп жүрүп, Ошко которулганда кара-суулук айдоочулар менин кеткенимди майрамдашып, палоо жешкен экен. Мага акча сунуштап же жеңил жаза жазып берип коюңуз дегендерге көк беттигим кармап калат. Иштен алдырам деп ортого адам салдырган адамдарга "мен баары бир эртең иштен кетсем, анда сиздин ишиңизди аягына жеткирип, анан кетем" деп ошол кишиге жабышып алам. Бирок айдоочунун абалын дагы түшүнүүгө аракет кылам. Мүмкүн үйүнөн урушуп чыккандыр, же баласынын окуусуна төлөй турган акчаны ойлонуп келе жатып, байкабай эреже бузуп алгандыр. Мыйзамда кечирим же эскертүү берүү деген жер бар. Көбүнчө жаштар чыр чыгарып, дароо сөгүнүп башташат. Мен өзүм апамдан эрте ажыраганым үчүн сөгүнгөндөрдү мыйзам боюнча жазалайм», - дейт Абдыгапар мырза.

Ал 1 уул, 1 кыздын атасы. Ушул жылдын апрель айынын соңунда пенсияга чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×