Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 11.04.2019 16:48 На русском

Видео: Оштогу социалдык коргоо фондунун башчысы менен жол тескөөчүлөрдүн ортосунда жаңжал чыкты

Turmush -  6-апрель күнү Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда Ош шаардык социалдык коргоо фондунун жетекчиси Арстанбек Абдуллаев менен жол тескөөчүлөрдүн ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуяны жергиликтүү телерадио компаниянын кабарчылары видеого тартып алышкан. Анда А.Абдуллаев жол тескөөчүлөргө «Эмне үчүн менин артымдан жүрөсүнөр? Силерге ким уруксат берди?» деп жатканын көрүүгө болот.

Аталган окуя боюнча аймактык кабарчы Арстанбек Абдуллаев менен байланышканда, ал жол тескөөчүлөр үйүнүн алдына келип, видеого тартып кетишкенин, ал кооптонуп алардын артынан барып, эмне болгон рейд, алардын ким экенин сураганын айтты.

«Окуя 6-апрель күнү түнкү саат 24:00 чамасында болгон. Ал күн ишемби болгондуктан ишембилик болгон. Андан кийин жумушка барып, ал жактан кечирээк чыгып, досумдун үйүнө баргам. Досумдун үйү менин үйүмдөн 300 метр алыстыкта жайгашкан. Ошол жерден кызматтык унаамды айдоочума айдаттырып, өзүмдүн үйүмдүн жанына келгенбиз. Ошол учурда жол тескөөчүлөр келип, мен унаадан буюмдарымды алып түшкөнчө айдоочум менен сүйлөшүп, кетип калышты. Андан кийин мен айдоочумдан алар ким экенин сурасам “документтерди текшерип кетти” деди. Сен аларды тааныйсынбы десем “жок, тааныбайм” деди. "Сага эмне деди, рейд бекен?" десем, “Билбейм, эч нерсе дешкен жок" деди айдоочум. Мен ойлонуп, өзүмдүн коопсуздугум үчүн алардын артынан барып "эмненин негизинде мындай кылып жатасыңар, жолдон токтотпой, эмне үчүн үйүмдүн алдына келип сурап жатасыңар" десем “сиз мас экенсиз, кызматтык унааңызды өзүнүздүн кызыкчылыгыныз үчүн пайдаланып жатасыз” деп айтышты. Мен мас эмес болчумун. Соо болчумун. "Текшергиле" деп айткам аларга. Эгерде мен мас болсом, наркология кызматына алып барып, текшеришмек. Тарткан видеолорун кесип даярдашыптыр. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Көп учурда жумуштан кеч бошоп калам, ошондуктан кызматтык унаам үйдө, короодо турчу. Дем алыш күндөрү түндө эмес, күндүз дагы айдап чыккан эмесмин», - деди Арстанбек Абдуллаев.

Рейд учурунда окуя болгон жерде жүргөн Ош шаары боюнча жол коопсуздугунун кыймылын көзөмөлдөө кызматынын инспектору Нурлан Жунусбаевдун айтымында, Арстанбек Абдуллаев мас абалда болуп, анын айдоочусунан айдоочулук күбөлүгүн, документтерин текшергенден кийин, алардын артынан келип чыр чыгарган.

«Биздин маршрут А.Масалиев менен Р.Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин бөлүнгөн. Түнкү саат 24:00дө өзүбүзгө бөлүнгөн аймакты айланып, текшерип жүргөнбүз. Ошол учурда кызматтык унаа менен бара жаткан айдоочуну токтотуп, документтерин текшерип, кайра коё бергендин кийин Арстанбек Абдуллаев унаасы менен артыбыздан келип “Силерди ким жөнөттү? Ким буйрук берди?" деп ызы-чуу салып баштады», - деди Нурлан Жунусбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×