Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Озгон 13.04.2019 12:32

Өзгөн шаарынын мэрлигине 2 талапкер катталды

Turmush -  Өзгөн шаарынын мэри кызматына 2 талапкер катталды. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акыбаев билдирди.

Анын айтымында, мэрлик кызматка Рахман Атажанов менен Муктаржан Калматов талапкер катары катталды. Жобого ылайык эки талапкердин тең буга чейинки иштери каралып чыкты. Шайлоо 17-апрелде саат 9:00дө башталат. Учурда Өзгөн шаардык кеңешинде 31 депутат бар.

Өзгөндүн буга чейинки мэри Саипжан Пратов өз арызы менен иштен кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×