Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.04.2019 11:28 На русском

Видео — 5 млн сомдук бюджет, 3 түрдүү чабак: Кыргызстандын түштүгүндөгү эң чоң мамлекеттик балык чарбанын абалы

Өзгөн мамлекеттик балык чарбасы
Өзгөн мамлекеттик балык чарбасы
// Turmush

Turmush -  50 жылдык тарыхы бар Өзгөн мамлекеттик балык чарбасында балыктын 3 түрү багылат. Бирок өндүрүлгөн балыктар Кыргызстандын аймагында гана сатылат. Бул тууралуу аталган балык чарбанын жетекчиси Закир Козубеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн мамлекеттик балык чарбасы 1959-1960-жылдары Кемпир-Абад суу сактагычында негизделип, 1968-жылы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө көчүрүлгөн. Өзүн-өзү каржылаган мамлекеттик балык чарба болуп эсептелет.

«Учурда балыктын муздак сууну сүйгөн жана жылуу сууну сүйгөн 3 түрү: макообалык (толстолобик), карп, ак амур балыктары өстүрүлүүдө. 171 гектар жерге 60 көлмө уюштурулган. Чет өлкөлөргө экспорттоого шартыбыз жок. Балык чарбасын өнүктүрүү максатында мамлекеттик банктардын биринен 3 млн сом насыя алуу пландалып жатат. Эгер насыя берип калса, шарттарды түзүп, балыктарды көбөйтүп, чарбаны кеңейтебиз», - деди Закир Козубеков.

Аталган чарбада балыктын чабактарын атайын көлмөлөрдө өстүрүшөт. 1 кг чабак 300 сомдон сатылат.

«Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз мамлекеттик балык чарбасы болгондуктан, кардарлар алыскы Лейлек, Чаткал, Ала-Бука райондорунан келишет. Түштүк аймакта жалпысынан 300гө жакын жеке менчик балык чарбалары бар. Алардын көбү чабактарды биздин чарбадан алып кетишет. Учурда бир жылдан бери өстүрүп жаткан чабактар сатылып бүтүп калды.

Чарбада жылына 20 тоннага жакын балык өстүрүлөт. Анын ичинен 10 тоннага жакын балыкты сатыкка чыгарабыз. Кийинки жылдары Ош облусунун райондорунда балык сатуучу дүкөндөрдү ачуу пландалууда», - дейт Закир мырза.

Анын айтымында, дүйнөлүк стандарт боюнча 1 адам жылына 16 кг балык жеш керек.

Өзгөн мамлекеттик балык чарбасында 10 кызматкер эмгектенет. Алардын орточо айлык маянасы 5-6 миң сомду түзөт. Чарбанын бир жылдык бюджети 5 млн сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×