Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусу, Ош 24.04.2019 18:52

ОГПИде билим берүүдөгү көйгөйлөргө арналган эл аралык илимий-практикалык форум өттү

ОГПИдеги эл аралык форум
ОГПИдеги эл аралык форум

Turmush -  Ош гуманитардык педагогикалык институтунда 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Билим берүү айдыңында талапка ээ болгон педагогикалык адистиктерди даярдоодогу актуалдуу көйгөйлөр: теориядан практикага» аттуу эл аралык илимий-практикалык форум өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Соңку жылдары учурдун талабына ылайык компетенттүү кесип ээлерин даярдап чыгаруу бир топ актуалдуу көйгөйгө айланды. Дал ушул маселелерди чечүү максатында Ош гуманитардык педагогикалык институтунда (ОГПИ) алгылыктуу иштер пландалып, анын натыйжасында окуу жайдын музыкалык педагогикалык факультети жана эл аралык байланыштар департаменти тарабынан аталган форум уюштурулган.

Иш-чарага Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын,Тажикстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын белгилүү окутуучу-изилдөөчүлөрү катышты. Форумду ОГПИнин ректору Бекмырза Зулуев ачып, келген конокторго жана жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле иш-чарага Новгород мамлекеттик университетинин бөлүм башчысы Н.Басалаев жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов конок катары келишип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Форумдун жүрүшүндө алгач пленардык жыйын болуп, анда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Айчүрөк Калдыбаева, Ош мамлекеттик университетинин профессору жана педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Саипжамал Сакиева, Баткен мамлекеттик университетинин профессору жана физика-математика илимдеринин доктору Миталип Таиров жана ОГПИнин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Инабат Даминова илимий баяндамаларды жасашты. Аны менен катар катышуучулар тарабынан билим берүүдөгү көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу бир нече ой-пикирлер, сунуштар айтылып, кызуу талкуу жүрдү.

Илимий саамалыктын экинчи бөлүгү секциялык иштер менен уланып, анда катышуучулар элдик педагогика жана психология, окутуунун инновациялык технологиялары, гуманитардык, социалдык-экономикалык жана филологиялык илимдер, предметтерди окутуунун усулдук багыттары боюнча өз баяндамаларын коргошту.

Иш-чаранын жыйынтыгында жалпы ой-пикирлер, сунуштар жана баяндамалардагы мазмундуу ачылыштар эске алынып, резолюция кабыл алынды.

Андан тышкары белгилүү тарыхчы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Мурас» фондунун төрагасы Молдокасымов Кыяс Сатарович ОГПИнин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, кыргыз элинин тарыхын изилдөө боюнча лекция окуду. Бул жолугушуу жаштарды ар тараптуу калыптандыруу, өз элинин тарыхы менен жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын тарых кафедрасы тарабынан уюштурулган. Лекцияга ОГПИнин ректору — профессор Бекмурза Зулуев, тарых илимдеринин доктору жана профессор Балтагул Нурунбеков, Оштогу тарыхчы мугалимдер жана студенттер катышты.

Кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө зор эмгектерди жаратып келе жаткан К.Молдокасымов алгач улуу тарыхчылардын кыргыз эли тууралуу айткан ойлорун окуу менен тарыхый маалыматтарды тактоодо жана изилдөөдө канча өлкөнүн тарых музейлерин кыдырганын, ал эмгектин натыйжасында топтогон, бирок китеп бетине түшө элек маалыматтарды катышуучулар менен бөлүштү. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы дагы кайсы архивдерде катылып жатканын кошумчалап, өзү жетектеген «Мурас» фонду ушул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

Иш-чара суроо-жооп менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×