Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 26.04.2019 17:26

Сүрөт — Ошто диализ борбору ачылды

Оштогу диализ борбору
Оштогу диализ борбору

Turmush -  Ош шаарында жаңы диализ борборунун ачылышы болду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Аталган мекеме «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ачылган.

«Борбор 11 жаңы диализ аппараттары менен жабдылган жана мекемеде 11 квалификациялуу кызматкер иштейт. Алардын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Бардык кызматкерлер кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшкөн», - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган мекеме «Фрезениус Медикал Кэйр» (Германия) компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган жана ал Кыргызстандагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат.

Биринчи диализ борбору 2018-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарында ачылган. Экинчи борбор ушул жылдын февраль айында Бишкек шаарында пайдаланууга берилген. Быйыл дагы Бишкек шаарында төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×