Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусу, Ош 27.04.2019 17:52 На русском

Ошто бир туугандардын жаркын элесине арналган бокс боюнча турнир жыйынтыкталды

Turmush -  Бүгүн, 27-апрелде Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды.

Турнирге Кыргызстандын 7 облусунан жана Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринен келген спортчулар катышканын башкы калыс Исак Кулнасов билдирди.

«Бир тууган ага-инилер — СССРдин бокс боюнча спорт чеберлери Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган турнир 5 күндөн бери Ош шаарында өтүп жатат. Мындай турнир жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл онунчу ирет өткөрүлүп, ага коңшу өлкөлөрдөн спортчулар келип катышууда. Мелдеш жаштар арасында өтүп, 49 кг салмактан 91 кг салмакка чейинки спортчулар беттешишти. Жалпы 70тен ашуун спортчу катышты», - деди Кулнасов.

Жеңишке жеткен мушкерлер:

- 52 кг салмактагы Талибжанов Шахбазбек (Өзбекстан);
- 56 кг салмактагы Эсенбек уулу Акылбек (Бишкек);
- 60 кг салмактагы Алибаев Жандос (Казакстан);
- 64 кг салмактагы Матмусаев Илгиз (Жалал-Абад);
- 69 кг салмактагы Маматалы Нурсултан (Жалал-Абад);
- 75 кг салмактагы Байсаяков Айбек (Нарын);
- 81 кг салмактагы Аманов Азамат (Ош);
- 91 кг салмактагы Алимбек уулу Бектур (Ош);
- 91 килограммдан жогоргу салмактагы Абдижалил уулу Алтынбек (Ош).

Жеңишке жетишкен спортчуларга Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары ага-ини Арзиевдердин машыктыруучуларына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров ак калпак жана чепкен кийгизди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×