Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуАлай району 29.04.2019 21:00 На русском

Сүрөт — Алайда алгачкы ирет масштабдуу түрдө Мавлид кечеси өткөрүлдү

Turmush -  27-апрель күнү Алай районунун маданият үйүндө алгачкы ирет Мухаммед пайгамбардын (С.А.В.) туулган күнүнүн урматына Мавлид кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Чыныбек Козукеев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, пайгамбардын туулган күнүнө карата жыл сайын жер-жерлерде Мавлид кечеси уюштурулуп келет.

«Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (С.А.В.) туулган күнү 20-апрель деп айтылып келет. Бирок түрк элдеринде пайгамбардын урматына 1 жума Мавлид жумалыгы уюштурулат. Быйыл Алайдагы аялдар жааматы тарабынан даярдалган Мавлид кечеси өтүп, анда Куран китебинен хадистер айтылып, сахналаштырылган программа көрсөтүлдү. Буга чейин Мавлид кечеси чакан топтордун арасында гана өтүп келген», - деди Ч.Козукеев.

Аталган кечеге 300гө чукул жергиликтүү тургундар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×